Редакцияот 31.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Базар-Коргон шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясынын

2024-жылы 31-январы №8

 

“Базар-Коргон шаардык жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2024-жылга карата бюджеттик иш планын бекитип берүү жөнүндө”

         

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесин, Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамынын 4-беренесинин 3-пунктун аткарууга алуу менен, 22.01.2024-жылкы №03 чыгыш саны менен катталган Базар-Коргон шаарынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Б.Көчөровдун катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, стоянка, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезектеги XXVII -сессиясы токтом кылат:

 

1.     Базар-Коргон шаардык жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2024-жылга карата 990,4 миң сомго бюджеттик иш планы бекитилип берилсин.

2.     Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаар мэри Т.Осмоновго жана жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Б.Көчөровго жүктөлсүн.

3.     Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.

4.     Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, стоянка, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Нуркамиловго милдеттендирилсин.

 

 

Төрага:

К. Анарбеков.