Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
2024-жылдын 8-майы № 2049-VII
"Үй-бүлөлүк, сексуалдык жана гендердик зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окуу жол-жобосуна кайтаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 57-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д.А.Ашимова, Н.А.Нарматова, А.А.Козуев, Ш.Мажитова, З.Д.Мамасадыков, Н.Я.Алимжанова, А.Н.Абдибаева, А.К.Малиев, В.К.Раимбачаева, М.О.Темирбаева, С.А.Атамбаев, Г.С.Молдобекова, Д.Д.Бекешев, А.А.Исираилов, Ш.К.Атазов, К.Л.Ханджеза, Л.Х.Лурова, А.А.Айдарова, Ч.И.Ажибаев, Ж.Таалайбек кызы, Дж.К.Исаева, М.А.Маматалиев, Ф.Д.Исмаилов, М.Ж.Сыдыков, Ч.А.Султанбекова, С.А.Айжигитов, Б.В.Шабазов А.Т.Эрбаев, А.Б.Кенжебаев, К.А.Талиева, А.Исатбек кызы, Д.А.Джумабеков, Ж.Коргонбай уулу, Г.О.Култаева тарабынан демилгеленген "Үй-бүлөлүк, сексуалдык жана гендердик зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окуунун жол-жобосуна кайтарылып берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды, түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрагасынын орун басары |
| Н.Азыгалиев |