Загрузка документа…
1-МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
1-Май айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги I сессиясы
2021-жылдын 4-февралы №1/2
1-Май айыл аймагынын жайыт комитетинин 2020-жылга карата бюджетинин аткарылышы жана 2021-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө
1-Май айыл аймагынын жайыт комитетинин өткөн 2020-жылда жүргүзгөн ишин жетишилген ийгиликтер менен катар, финансы-экономикалык абалын жакшыртууда мурдагы жылдарга салыштырмалуу өзүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы боюнча берген отчету кабыл алынып, 2021-жылга жайыт комитетинин бюджетин бекитүү боюнча жайыт комитетинин төрагасы П.Мараимбековдун маалыматын угуп жана талкуулап, 1-Май Айылдык Кеңешинин депутаттарынын сунуштарын эске алып, депутаттардын бир добуштан колдоосу менен 1-Май Айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын 2021-жылдагы кезектеги I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 1-Май жайыт комитетинин 2020-жылга аткарылган иши боюнча отчету канааттандыраарлык деп табылсы 1-Май айыл аймагынын жайыт комитетинин 2021-жылга карата бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү 561400 (беш жүз алтымыш бир миң төрт жүз сом )сом деп бекитилсин.
2. 1-Май жайыт комитетинин төрагасына жана бухгалтерине 12(он эки) айлык эмгек акы берилсин, техникаларды көзөмөлдөөгө 1(бир) табельчиге 10 (он) айга эмгек акы каралсын.
3. Жайыт пайдалануучулардын сунуштары эске алынып, карышкыр чөөлөрдү атууга 20 000(жыйырма миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
4. 2021-жылга карата кабыл алынган бюджетинин аткарылышы жана максаттуу пайдалануу жагы жайыт комитетинин төрагасы П.Мараимбековго милдеттендирилсин.
5. Кирешенин салыгын көбөйтүү жайытка чыгууга малдын 1(бир) башына төмөнкүдөй акы белгиленсин:
а) уй жылкы жана эшекке 100 (жүз) сомдон.
б)кой эчкилерге 20(жыйырма) сомдон жайыт акы жайыт салыгы менен берилсин.
6. Чекене акы 1 (бир) баш бодо мал, жылкы үчүн жайыттын алыс жакындыгын эске алып , 300(үч жүз) сомдон 350(үч жүз элүү) сомго, кой эчкилерге 55(элүү беш) сомдон 65(алтымыш беш) сомго чейин белгиленсин.
7. Сырттан келген (башка айыл аймактан) малдын ар бир башына эки эселенген жайыт акы алынсын.
8. Ак-Башат айылында үлүш жерлерге жайыт жерлери менен чектеш болгондуктан аталган айылдын тургундарынын үлүш жерлерине күзөтчүлөрдү уюштуруу жагы айыл башчы Жоомарт Абдыманап уулуна дайындалсын.
9. Жайыт пайдалануучу башка айыл аймакка мал багып чыкса, күзгү жазгы жайыттар үчүн мал жайылган күндөн баштап, кара малга башына 33 (отуз үч) сомдон майда жандыкка башына 6(алты) сомдон жайыт акы алынсын.
10. 1-Май айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн балансында турган, 1-Май жайыт комитетинин башкаруусундагы атайын техникалардын 2021-жылга жайыт комитетинин төрагасы сунуштаган болжолдуу бюджетинин сметасынын киреше бөлүгү 1669000 (бир миллион алты жүз алтымыш тогуз миң) сомго бекитилип, чыгаша бөлүгү 1456647 (бир миллион төрт жүз элүү алты миң алты жүз кырк жети) сом таза киреше 212353 (эки жүз он эки миң үч жүз элүү үч) сом жайыт комитетинин бюджетине киритилсин МТЗ-82.1 трактору соко эле тартат 1 (бир) гектар жерди толук бүтүрүүгө мүмкүнчүлүгү болбойт анткени башка айыл чарба шайманы жок. Прессподборщик шаймандарын тарткан менчик техникалар көп болгондугу эске алынсын.
11. Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы 1-Май айылдык Кеңешинин катчысы К.Алчиматовага жүктөлсүн.
12. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү, 1-Май айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Т.Баязовага жүктөлсүн.
Төрага | Н. А. Абдырайымов |