Редакцияот 31.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Базар-Коргон шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясынын

2024-жылы 31-январы №10

 

“Базар-Коргон шаарына караштуу Орто-Сай участкасынын трансформацияланган жер аянтына социалдык обьектилерди курууга макулдук берүү жөнүндө ”

         

Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 9-беренесинин 3-пунктун, 19-беренесин жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 26-беренесинин 2-пунктун, 34-беренелерин аткарууга алып, Базар-Коргон шаарынын мэри Т.Осмоновдун 22.11.2023-жылкы чыгыш №01-17/1259 сандуу катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин агрардык, айыл-чарба, муниципалдык, жайыт жерлер, архитектура, курулуш, кадастр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезектеги XХVII-сессиясы токтом кылат:

 

1.     Базар-Коргон шаарына караштуу Орто-Сай участкасынын трансформацияланган жер аянтынын ичинен №39 контурундагы 3,5 гектар жер аянтына мектеп, бала-бакча, Фельдшердик акушердик пункт жана башка социалдык обьектилерди куруу үчүн Базар-Коргон шаарынын муниципалдк менчик реестрине алууга макулдук берилсин.

2.     Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаар мэри Т.Осмоновго жана Базар-Коргон шаар мэриясына караштуу муниципиалдык менчикти башкаруу боюнча департаментинин башчысы Н.К.Мамбеталиевге жүктөлсүн.

3.     Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.

4.     Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин агрардык, айыл-чарба, муниципалдык, жайыт жерлер, архитектура, курулуш, кадастр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Мирзахмедовго милдеттендирилсин.

 

 

Төрага:

К. Анарбеков.