БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Базар-Коргон шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясынын
2024-жылы 31-январы №11
“Базар-Коргон шаарындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамактанууну уюштуруу үчүн ата-энелер взносун көтөрүп берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамынын 28-беренесин, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34,45-беренелерин аткарууга алуу менен, 31.01.2024-жылкы чыгыш №01-17/127 саны менен катталган Базар-Коргон шаарынын мэри Т.Осмоновдун катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика жана ички сырткы инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезектеги XХVII -сессиясы токтом кылат:
1. Базар-Коргон шаарындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамактанууну уюштуруу үчүн атайын каражат эсебине түшүүчү ата-энелер төлөмүн (взносун) 50(элүү) сомго көтөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаар мэри Т.Осмоновго жана мэриянын финансы-экономика бөлүмүнүн жетекчиси Ж.Рахмоналиевге жүктөлсүн.
3. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, стоянка, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Нуркамиловго милдеттендирилсин.
Төрага: | К. Анарбеков. |