КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айыл аймагынын Кара-Суу айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XXXI сессиясынын
2024-жылы 24-январы №1
“Айыл өкмөтүнүн 2024-2025-2026 жылдарга карата өнүгүү планын бекитүү жөнүндө”
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Райышбеков Курсантбектин 2024-2025-2026-жылдарга карата түзгөн айыл өкмөтүнүн өнүгүү планы менен таанышып, талкуулап, Кара-Суу айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XXXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2024-2025-2026- жылдарга карата Кара-Суу айыл өкмөтүнүн өнүгүү планы тиркемеге ылайык бекитилсин.(тиркеме тиркелет)
2. Кара-Суу айылдык кеңешинин ушул токтому, Кара-Суу айыл аймагынын Кара-Суу айыл өкмөтүнүн kara-suu.gos.kg расмий веб-сайтына жарыялансын;
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кара-Суу айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Кубанычбек уулу Фархатка жүктөлсүн;
Төрага: | У.Жунусалиев. |
Кара-Суу айылдык кенешинин IX чакырылышынын кезектеги XXXI сессиясынын №1 токтомуна тиркеме |
2024-2025-2026-жылдарга карата Кара-Суу айыл өкмөтүнүн болжолдуу өнүгүү планы
Тармактардын аталышы
| ||||
Көйгөйлөрдү чечүүдө коюлган максаттар | Чечүүчү жолдору жана кадамдар | Ченемдер | Убактысы | Жоопкерчилик |
2024-жылга карата
| ||||
Кез-Арт айылына спорт зал куруу, айыл жаштарынын ден соолугун чыңдоо, спортко чакыруу | Жергиликтүү бюджет , Демөөрчү | 3500,0 | Жыл ичинде | Айыл өкмөтү |
Сай-Булун айылындагы спорт зал куруу | Айыл жаштарын футбол жактан көтөрүү |
| Жыл ичинде | Айыл өкмөт |
Кара-Камыш көлүнө туристтик эс алуу жайларды уюштуруу | Ишкелердин колдоосу менен |
| Июнь-июль | Айыл өкмөтү |
Кара-Суу айылына караштуу Ийри-Булун участкасындагы суу жээгин 200 метр аралыкта дамба куруу |
ӨКМ |
250,0 |
Жыл ичи |
Айыл өкмөтү |
Ички жолдорду тазалоо, сел алып кеткен жерлерди ондоп түзөө | ӨКМ, айыл өкмөт | 500,0 | Жыл ичинде | Айыл өкмөтү |
Ишкердикти өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү
| Жергиликтүү экономика көтөрүлөт |
| Жыл ичинде | Айыл өкмөтү |
2025-жыла карата
| ||||
Сай-Булун айылына спорт зал куруу иштерин бүтөрүү | Айыл жаштарын спортко чакыруу | 1500,0 | 2025-жыл | Айыл өкмөтү |
Кабактын-Доңүндөгү латокторду оңдоп түзөө | Айдалуучу жерлердин көбүү суу менен камсыз болуп, эгиндин түшүмдүүлүгү жогорулайт | 2500,0 | Жыл ичинде | Айыл өкмөтү |
Кара-Суу айыл өкмөтүнө маданият үйүн капиталдык ремонттон өткөрүү | Айылдын маданиятын көтөрүү | 3000,0 | Жыл ичинде | Айыл өкмөтү |
2026-жылга карата | ||||
Ак-Таш жолдорун бүтөрүү | Демөөрчү, жергиликтүү бюджет |
| 2-3 квартал | Айыл өкмөтү |
Аялдарды жумуш орду менен камсыздоо үчүн жеңил өнөр-жай тармагын өнүктүрүү (тигүүчү цех, жүндү кайра иштетүүчү) цех куруу | Аялдар жумуш орундары менен камсыз болот | 5000,0 | Жыл ичинде | Айыл өкмөтү |
К.Кенжебаев мектебин жаңыдын куруу | Стим грант, Демөөрчү | - | Жыл ичинде | Айыл өкмөтү |
Ички жолдорду тазалоо, сел алып кеткен жерлерди ондоп түзөө | Жергиликтүү бюджет | 250,0 | Жыл ичинде | Айыл өкмөтү |
Экономист-статист | А.Жунусбаева. |
|
|