Загрузка документа…
1-МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
1-Май айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги I сессиясы
2021-жылдын 4-февралы №1/3
1-Май айыл өкмөтүнүн 2021-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын аткаруу максатында 1-Май айыл өкмөтүнүн башчысы М. Шербаевдин билдирүүсүн жана айылдык Кеңештин финансы, бюджет, экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын февраль отурумунун чечимин карап жана талкуулап, 1-Май айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 2021-жылдагы I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылга 1-Май айыл Өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 22594,0(жыйырма эки миллион беш жүз токсон төрт) миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. 2021-жылга 1-Май айыл Өкмтүнүн атайын төлөм каражатынын кирешелери жана чыгашалары 1400000(бир миллион төрт жүз) миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына төмөнкү милдеттерди аткаруу жүктөлсүн.
-Бюджеттик каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыз кылуу жана чыгымдарды пайдаланууну оптималдаштыруу боюнча чараларды көрүү.
-Бардык ички финансылык ресурстарды бюджеттин кирешесине мобилизациялоо жана кошумча каражаттарды табуу боюнча иш- чараларды иштеп чыгууну турмушка ашыруу.
-Финансылык тартипти чыңдоо боюнча Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарын аткарууну камсыз кылуу.
4. Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы 1-Май айылдык Кеңешинин катчысы К.Алчиматовага жүктөлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөсүн.
Төрага | Н. А. Абдырайымов |