ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2021-жылдын 27-октябры № 4
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 31.05.2021-жылдагы кезектеги II сессиясынын 10-токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментинин 26.10.2021-жылдагы чыг.№01-10/113-катты, Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри А.Раматиллаевдин баяндамасын угуп, Депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 31.05.2021-жылдагы кезектеги II сессиясынын 2-пункту жокко чыгарылсын.
2. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментинин карамагындагы «Курулуш Маркет» базарынын жалпы 33198 чарчы метр аянтынын кампа катары иштетип келген 547 чарчы метр жерин мындан нары соода түйүн катары пайдаланылсын жана 2022-жылдын 1-январына чейин 1 чарчы метр жер аянтына 110 сомдон ижара акы төлөмү бекитилсин.
3. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментине (К.Исмаилов) ижара төлөмүн жергиликтүү бюджетке түшүрүү жана ишкерлерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы жүктөлсүн.
4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Н.Орозбаев |