Загрузка документа…
1-МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
1-Май айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги I сессиясы
2021-жылдын 4-февралы №1/5
1-Май айыл аймагынын айыл Өкмөтүнө караштуу Ак-Башат айылына үстү жабык типтеги, Жаңы-Шаар айылына стандарт типтеги жасалма газондуу мини футбол аянтчасын куруу жөнүндө
Ак-Башат айылына үстү жабык типтеги, Жаңы-Шаар айылына стандарт типтеги жасалма газондуу мини футбол аянтчасын “ПОВТиСА” жоопкерчилиги чектелген коомуна социалдык пакет рамкасында курууну ишке ашыруу жөнүндө, 1-Май айылдык Кеңешинин депутаттарынын сунуштарын эске алып, депутаттардын бир добуштан колдоосу менен 1-Май айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын 2021-жылдын кезектеги I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. 1-Май айылына караштуу Ак-Башат айылына үстү жабык типтеги, чек ара тилкесинде жайгашкан Жаңы-Шаар айылына жаштар үчүн стандарт типтеги жасалма газондуу мини футбол аянтчасын куруп берүү жагы айыл Өкмөтүнүн, айылдык Кеңештин колдоосу менен макулдашылды жана бул спорт аянтчаларын “ПОВТиСА” жоопкерчилиги чектелген коомуна социалдык пакеттин негизинде куруу сунушталсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышы айыл Өкмөтүнүн башчысы М.Шербаевге милдеттендирилсин.
3. Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы 1-Май айылдык Кеңешинин катчысы К.Алчиматовага жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын жана көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | Н. А. Абдырайымов |