КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айыл аймагынын Кара-Суу айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XXXI сессиясынын
2024-жылы 24-январы №3
“Кара-Суу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетиндеги 2024-жылдын 1-январына калган бюджеттик эсептеги 1 769 536.07 сом калдык акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө.
”
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Райышбеков Курсантбектин жергиликтүү бюджеттеги 2024-жылдын 1-январына карата калган бюджеттик эсептеги 1769 536.07 сом калдык акча каражатын бөлүштүрүү боюнча долбоорун угуп жана талкуулап, Кара-Суу айылдык Кеңешинин lX чакырылышынын кезектеги XXXl сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 1-январына калган бюджеттик эсептеги 1 769.536.07 сом калдык акча каражатынан:
1. 70629-бөлүмүнүн 22221200-беренесине 40,0 (кырк мин) сом акча каражаты Бечел-Аюу участкасына сугат суу арыктарын латок тибинде бетондоого курулуш материалдарын алууга бөлүнүп берилсин.
2. 70629- бөлүмүнүн 22211200-беренесине 80,0 (сексен мин) сом акча каражаты Кара-Суу айылынын Ийри-булун участкасынын ички жолдорун ондоого бөлүнүп берилсин.
3. 70629- бөлүмүнүн 22221200-беренесине 180,0 (бир жүз сексен мин) сом акча каражаты М. Эргешов атындагы аймактык оорукананын ажатканасын ондоого курулуш материалдарды алууга бөлүнүп берилсин.
4. 70921-бөлүмүнүн 22221200-беренесине 85,0 (сексен беш мин) сом акча каражаты А.Жаныбеков орто мектебинин короосун ондоого курулуш материалдарды алууга бөлүнүп берилсин.
5. 70629-бөлүмүнүн 22154900-беренесине 150,0 (бир жүз элүү мин) сом акча каражаты, Жүзүмжан айылынын негизги авто унаа каттоочу жолду жээктетип, латок курууга ПСД жасатууга бөлүнүп берилсин.
6. 70629-бөлүмүнүн 22211200-беренесине 120,0 (бир жүз жыйырма мин) сом акча каражаты Кыр-Жол жайлоосунан чөп жайыттарга жана эгин талааларга жайлоодон качкан малдардын өтүүчү жолдорун тосууга материалдарды алууга бөлүнүп берилсин.
7.70629-бөлүмүнүн 22211200-беренесине 100,0 (бир жүз мин) сом акча каражаты калктуу конуштарга коркунуч келтирген Кара-Гүп айылынын үстүндөгү сайларга селден топтолгон ылайларды тазалоого бөлүнүп берилсин.
8. 70629-бөлүмүнүн 22211200-беренесине 50,0 (элүү мин) сом акча каражаты Кожо-Ата айылындагы Сулуу колоттон түшкөн селдин агымын тосууга бөлүнүп берилсин.
9. 70629-бөлүмүнүн 22221200-беренесине 50,0 (элүү мин) сом акча каражаты, Айыл өкмөткө караштуу ички жолдорду ондоого, Кара-Гүп айылынын ички жолдорун ондоого бөлүнүп берилсин
10. 70823-бөлүмүнүн 22221200-беренесине 60,0 (алтымыш мин) сом акча каражаты маданият үйүнө электр зымдарын тартуу үчүн счетчик коюу, техусловия алууга бөлүнүп берилсин.
11. 70111-бөлүмүнүн 22154900-беренесине 70,0 (жетимиш мин) сом акча каражаты айыл өкмөткө караштуу имараттардын камсыздандыруу төлөмдөрүнө бөлүнүп берилсин.
12. 70821-бөлүмүнүн 22221200-беренесине 80,0 (сексен мин) сом акча каражаты Кара-Суу Ф-4 китепканасына үй бүлөөлүү окурмандар үчүн бөлмө даярдоо жана китепкананын ондоо иштерине курулуш материалдарын алууга бөлүнүп берилсин.
13. 70629-бөлүмүнүн 22211200-беренесине 70,0 (жетимиш мин) сом акча каражаты туристик сезонго карата Кызыл-Көл-Кара-Камыш жолун тазалоого бөлүнүп берилсин.
14. 70629- бөлүмүнүн 22211200-беренесине 60,0 (алтымыш мин) сом акча каражаты Кызыл-Көл айылынын Кара-Ой, Дөн жана Кузгун-Таш участкасынын тургундарынын чөп, отун ташуучу жолдорун ондоого бөлүнүп берилсин.
15. 70111- бөлүмүнүн 22154900-беренесине 74,5,0 (жетимиш төрт мин төрт жүз) сом акча каражаты ар түрдүү чыгымдарга бөлүнүп берилсин.
16. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 110- беренесине негиз калдык акча каражатынын эсебинен жүгүртүүдөгү кассалык накталай акчанын көлөмү бир айлык эмгек акы төлөө фондунун чектеринде 500,0 (беш мин) сом өлчөмүндө бекитилсин.
17. Жогорудагы аныкталган жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча айылдык кенештин бюджет жана каржы комитетине билдирүү берип туруу жагы айыл өкмөттүн финансы экономикалык бөлүмүнүн башчысы Сагынбаева Гүлжамалга милдеттендирилсин.
18.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенештин бюджет жана каржы комитетинин төрагасы А. Алымкуловго жүктөлсүн.
Төрага: | У.Жунусалиев. |