Загрузка документа…
1-МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
1-Май айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги I сессиясы
2021-жылдын 4-февралы №1/3
1-Май айыл аймагынын айыл Өкмөтүнө караштуу “Чапчыма” кенинин Юго-Западный участкасын иштетүүгө уруксат берүү жөнүндө
1-Май айыл аймагына тиешелүү болгон “Чапчыма” кенинин Юго-Западный участкасын иштетүүгө уруксат берүү максатында, айыл Өкмөтүндө 2021-жылы 16-февраль куну өткөрүлгөн Коомдук Угуунун №1 Протоколунун, 1-Май айылдык Кеңешинин депутаттарынын сунуштарын эске алып, депутаттардын бир добуштан колдоосу менен 1-Май айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын 2021-жылдын кезектеги I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. “Чапчыма”кенинин Юго-Западный участкасын иштетүүдө Кыргыз Республикасынын Мыйзам талаптарын толук сактоо рекультивация фондун ачуу, жана социалдык пакет үчүн келишимдерди түзүү талаптарын орундатуу менен уруксат берилсин.
2. 2021-жылдын 16-февралында өткөн “Чапчыма” кенинин Юго-Западный участкасын иштетүү боюнча долбоорду талкуулап, колдоого алынган Коомдук Угуунун негизинде, 1-Май айыл Өкмөтүнө жана Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясына аталган кенди иштетүүгө зарыл болгон нормативдик укуктук актыларды (токтом,буйрук)Ушул токтомдун аткарылышы айыл Өкмөтүнүн башчысы М.Шербаевге милдеттендирилсин.
3.Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы 1-Май айылдык Кеңешинин катчысы К.Алчиматовага жүктөлсүн.
4. Токтомду көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | Н. А. Абдырайымов |