Редакцияот 21.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара-Суу айыл аймагынын Кара-Суу айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XXXI сессиясынын

 

 

2024-жылы 24-январы №4

 

“Аксы районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн 2024-2026-жылдарга карата стратегиялык өнүгүү планына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”

           

АРИСтин “CASSA-100 жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоору үчүн кошумча каржылоо” долбоорунун алкагында Кара-Суу айыл аймагына караштуу Кызыл-Көл айылындагы эко-туризмди өнүктүрүү үчүн кыргыз боз-үйлөрдү сатып алуу көйгөйү утуп чыккан жана ал көйгөйдү 2024-2026-жылдарга карата айыл аймактын экономикалык жана социалдык өнүгүү программасына толуктоо киргизүү боюнча АКИАнын төрагасы Жоошбаев Акыналынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Суу айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XXXI сессиясы

                                              

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Кара-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин 2024-жылдын 24-январындагы №31/1 токтому менен бекитилген Кара-Суу айыл өкмөтүнүн 2024-2025-2026-жылдарга карата стратегиялык өнүгүү планы №1 тиркемеге ылайык толуктоолор киргизилсин.

 

  1. Кара-Суу айылдык кеңешинин ушул токтому, Кара-Суу айыл аймагынын Кара-Суу айыл өкмөтүнүн kara-suu.gos.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кара-Суу айылдык кеңештин бюджет, финансы, инвестиция, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Алымкуловго бекитилсин.

 

 

 

Төрага:

У.Жунусалиев.

 

 

 

 

 

Кара-Суу айылдык кеңешинин 2024-жылдын 24-январындагы №31/4

 токтомуна тиркеме.

 

 

Төмөнкүлөр менен толукталсын:

№

Иш чаранын аталышы

Керектелүүчү финансылык каражат (сом)

Каражат булагы

Аткаруу мөөнөтү

Күтүлүүчү жыйынтык

жооптуулар

Аткарылышы

1

Кара-Суу айыл өкмөтүнүн Кара-Камыш көлүнө тигилүүчү кыргыз боз үйлөрү

9 504 000

АРИС уюму

Жылдар ичинде

Эко-туризмди өнүктүрүү

Кара-Суу айыл өкмөтү

2024-2025-жылдар

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жооптуу катчы:

Кубанычбек у Ф.