Редакцияот 24.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара-Суу айыл аймагынын Кара-Суу айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XXXI сессиясынын

 

 

2024-жылы 24-январы №6

 

“Кара-Суу айыл аймагына караштуу Кабактын-Дөңүндөгү латокту, Аксы райондук суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүү жөнүндө”

           

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр-жай министрлигинин билдирүүсүнүн негизинде Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы К.Райышбековдун, Кабактын-Дөңүндөгү 3км чакырым суугат суу өтүүчү латокту, суу ресурстары кызматынын карамагына өткөрүү боюнча кайрылуусун Кара-Суу айылдык кеңештин айыл чарба, жер, экология, чек-ара маселелери боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун карап, талкуулап, Кара-Суу айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XXXI сессиясы

                                              

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Кара-Суу айыл аймагына караштуу Кабактын-Дөңүндөгү, Ак-Терек суу насосунан чыккан суугат суу өтүүчү 3км чакырым латокту, Аксы райондук суу ресурстары кызматынын карамагына өткөрүүгө макулдук берилсин.

 

  1. Кара-Суу айылдык кеңешинин ушул токтому, Кара-Суу айыл аймагынын Кара-Суу айыл өкмөтүнүн kara-suu.gos.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кара-Суу айылдык кеңештин айыл чарба, жер, экология, чек-ара маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Ташкуловго милдеттендирилсин.

 

 

 

Төрага:

У.Жунусалиев.