КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айыл аймагынын Кара-Суу айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XXXI сессиясынын
2024-жылы 24-январы №7
““Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу жөнүндө”
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы К.Райышбековдун атуулдарга ардактуул атуул наамын ыйгаруу боюнча кайрылуусун Кара-Суу айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартибин сактоо боюнча турктуу комиссиясынын корутундусун угуп, талкуулап, Кара-Суу айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XXXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Асанбек Жаныбеков атындагы №46 Кара-Суу жалпы орто билим берүү мектебинин дене-тарбия мугалими Ташкулов Өктөмбекке, Кызыл-Көл айылынын тургуну көп кырдуу таланттын ээси, обончу, илимий китептердин автору, котормочу Кунашов Темиралы Өскөналиевичке жана Чалдыбар айылынын тургуну ырчы, маданият кызматкери Кубанычбек уулу Рысбекке Кара-Суу айыл аймагынын “ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
- Аталган токтому Кара-Суу айыл аймагынын Кара-Суу айыл өкмөтүнүн kara-suu.gos.kg расмий веб-сайтына жарыялансын;
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Суу айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартибин сактоо боюнча турктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | У.Жунусалиев. |