Загрузка документа…
1-МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
1-Май айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги I сессиясы
2021-жылдын 4-февралы №1/7
1-Май айыл аймагына жаңы типтеги Айры-Там гимназия жатак мектебин куруу үчүн жер аянтын ажыратуу жөнүндө
Айры-Там жатак гимназия мектебин куруу учун жер тилкесин ажыратып берүү, 1-Май айылдык Кеңешинин депутаттарынын сунуштарын эске алып, депутаттардын бир добуштан колдоосу менен 1-Май айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын 2021-жылдагы кезектеги I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Айры-Там гимназия мектебинин имаратынын өтө эскилигине талапка жооп бербегендигине байланыштуу Айры-Там жатак гимназия мектебин башка жерге которуп, заманбап типтүү мектеп куруу сунушу колдоого алынсын.
2. Жогорудагы сунуш боюнча мектеп куруу үчүн Айры-Там айылындагы өрүк бактын астындагы социалдык обьектерге калтырылган жерден тиешелүү жер аянты ажыратып берилсин, берилген жер аянтына мамлекеттик акт берүү Ала-Бука райондук “Кадастр” мамлекеттик ишканасынан суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышы айыл Өкмөтүнүн башчысы М.Шербаевге милдеттендирилсин.
4. Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы 1-Май айылдык Кенешинин катчысы К.Алчиматовага жүктөлсүн
5.Бул токтомдун аткарылышын жана көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | Н. А. Абдырайымов |