Загрузка документа…
1-МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
1-Май айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXIII сессиясы
2021-жылдын 14-декабры №21
1-Май айыл аймагынын Кара-Ункур айылында жайгашкан, Айры-Там-Кара-Уёкур-Ала-Бука автоунаа жолунун 4,5км аралыгын (Тешик-Таш участкасы ) Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министрлигинин балансына өткөрүп берүү жөнүндө
1-Май айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүнбалансында турган, айыл аймагынын Кара-Ункүр айылында жайгашкан, Айры-Там-Кара-Ункүр-Ала-Бука автоунаа жолунун 4,5 км аралыгы айыл аймагынын элинин райондун борборуна, коншу Чаткал районуна эл тынымсыз каттап, рейстик, маршруттук автобустар жүрөтт. Аталган жолдун участогу 1990-жылы ошол кездеги 1-Май селолук Советинин демилгеси менен курулуп, пайдаланууга берилген. Бирок, СССР тарап аткан мезгилге туш келип, жол транспорт жана жолдор министрлигинин балансына өткөрүп берилбей калган. Ошол кезден бери карай, жол үзгүлтүксүз пайдаланып келе жатат. Жолду ДЭП ишканасы сүргөн, ондогон учурда, бул участок дайыма калып калат да, өтө оорчулук жаратып, башка жол алыстыгынан эл кыйналып келе жатат.
Жогорудагылардын негизинде, аталган жолду Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министрлигинин балансына өткөрүпберүүмаксатка ылайык келет. Эгер жол министрликтин балансында болсо, жолду оё абалда кармап туруу бир кыйла жеёилдеп элге жакшы шарттар жаралмак. Ошол себептен, 1-Май айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХХVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 1-Май айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүнбалансында турган, айыл аймагынын Кара-Ункүр айылында жайгашкан, Айры-Там-Кара-Ункүр-Ала-Бука автоунаа жолунун 4,5 км аралыгы Кыргыз республикасынын транспорт жана жолдор министрлигинин балансына өткөрүп берилсин.
2. 1-Май айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүнбалансында турган, айыл аймагынын Кара-Ункүр айылында жайгашкан, Айры-Там-Кара-Ункүр-Ала-Бука автоунаа жолунун 4,5 км аралыгы Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министрлигинин балансына өткөрүпберүүбоюнча тийиштүү чараларды көрүү жагы 1-Май айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүнбашчысы М.Шербаевге милдеттендирилсин
3. Ушул токтомду бекитип берүүжана жогоруда аталган жолду Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министрлигинин балансына өткөрүпберүүбоюнча зарыл чараларды көрүү жагы Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
4. Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтү жагы 1-Май айылдык кеңешинин катчысы К.Алчиматовага жүктөлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү 1-Май айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Т.Баязовага жүктөлсүн
Төрага | Н. А. Абдырайымов |