Редакцияот 15.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кок-Сай айылдык аймактык кеңешинин VII –чакырылышындагы депутаттарынын кезектүү № 4 сессиясы

 

2021-жылдын 15-ноябры № 01-3/17

 

Жер участоктордун багытын өзгөртүү (трансформациялоо) жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июль айындагы №145 жерлерди которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 12 -пунктунун 20-статьясын жетекчиликке алып Көк-Сай айылдык аймактык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги № 4 сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Көк-Сай айылдык аймагынын: а) Көк-Сай айылынын“Жайыт жер” категориясынан жалпы аянты 56,1 га жер участогу: анын ичинен 41,9 га калктуу конушка, 0,20га беккари чуңкуруна,1,5 га таштанды таштоого, 0,50га таза сууга, 12га көрүстөндөр.“Кургак нук” категориясынан жалпы аянты 12 га жер участогу: 12 га карьер багытындагы жер категориясына которууга макулдук берилсин.

б) Кайнар айылынын “Жайыт жер” категориясынан жалпы аянты 27,1 га жер участогу: анын ичинен 25,1 га калктуу конушка,1 га таштанды таштоого, 1 га карьер багытындагы жер категориясына которууга макулдук берилсин.

в) Жалпы багытын өзгөртүп которууга макулдук берилген 95,2 жер аянты.

(тиркеме тиркелет 2 барактан)

2. Ушу токтомдун негизинде багытын өзгөртүүгө макулдук берилген тиешелүү документтер толуктап бүтүрүү максатында иш жүргүзө турган аянтты тактап берүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адисине милдеттендирилсин.

3.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык аймактык кеңешинин жер комитеттерине тапшырылсын.

 

 

 

Төрага:

Салыбеков Т

 

 

 

 

 

Кара-Буура районунун Көк-Сай айылдык аймагынан жерлерди которуу (трансформациялоо) боюнча жерлердин тизмеси (15.11.2021)

 

 

№

Облусу

контурунун №

Аянты, га

Которуулучу (трансформациялануучу) жердин категориясы

Кайсы категорияга которулат (трансформацияланат)

Которуунун (трансформациялоонун) максаты

 

Району

Айыл өкмөтү

Айылы

 

1

 

Кара-Буура

 

Көк-Сай

 

Көк-Сай

467

2

Жайыт

Калктуу конушка

Калктуу конуш

466

1,5

Жайыт

Калктуу конушка

Калктуу конуш

465

2

Жайыт

Калктуу конушка

Калктуу конуш

455

1

Жайыт

Калктуу конушка

Калктуу конуш

466

0,20

Жайыт

беккари чункуруна

Беккари чункур

466

0,50

Жайыт

Таштанды таштоого

Таштанды таштоо

795

1

Кургак нук

Карьерге

Карьер

466

1

Кургак нук

Карьерге

Карьер

810

0,50

Жайыт

Таза сууга

Таза сууга

761

1,1

Жайыт

Калктуу конушка

Калктуу конуш

831

6,3

Жайыт

Калктуу конушка

Калктуу конуш

838

1,5

Жайыт

Калктуу конушка

Калктуу конуш

840

2,5

Жайыт

Калктуу конушка

Калктуу конуш

850

10

Кургак нук

карьерге

карьер

844

2

Жайыттан

көрүстөнгө

Көрүстөндү кеңейтүү

845

11,5

Жайыт

Калктуу конушка

Калктуу конуш

847

5

Жайыт

Калктуу конушка

Калктуу конуш

765

1,20

Жайыт

Калктуу конушка

Калктуу конуш

766

3,5

Жайыт

Калктуу конушка

Калктуу конуш

771

2,8

Жайыт

Калктуу конушка

Калктуу конуш

828

1

Жайыт

Таштанды

Таштанды

454

10

Жайыттан

көрүстөнгө

Көрүстөндү кеңейтүү

2

 

 

Кайнар

398

2,7

Жайыт

Калктуу конушка

Калктуу конуш

216

1,1

Жайыт

Калктуу конушка

Калктуу конуш

 

 

 

 

 

395

0,40

Жайыт

Калктуу конушка

Калктуу конуш

215

0,60

Жайыт

Калктуу конушка

Калктуу конуш

214

10

Жайыт

Калктуу конушка

Калктуу конуш

310

1,5

Жайыт

Калктуу конушка

Калктуу конуш

308

2,90

Жайыт

Калктуу конушка

Калктуу конуш

309

5

Жайыт

Калктуу конушка

Калктуу конуш

340

0,3

Жайыт

Калктуу конушка

Калктуу конуш

316

0,60

Жайыт

Калктуу конушка

Калктуу конуш

331

1

Жайыт

Карьерге

Карьер

512

1

Жайыт

Таштанды

Таштанды

 

 

 

Көк-Сай

 

68,1

 

 

 

Кайнар

 

27,1

 

 

 

 

 

Жалпысы

 

 

95,2

 

 

 

 

 

 

Төрага:

Салыбеков Т

 

 

 

15.11. 2021-жыл.  

 

Көк-Сай айылы.

 

 

Көк-Сай айылдык аймактык кеңишинин VII-кырылыштагы

депутаттарынын кезектүү №4 сессиясынын

протоколу

 

Орду: Көк-Сай айыл өкмөтү

 

Төрага:Т.Салыбеков

Катчысы: В.Саадабаева

 

Күн тартибинде:

1. Айыл өкмөтүнүн 9 айлык отчетун угуу

2. ЖКХ ачуу жана жетекчисин дайындоо

3. Жер участокторду которуштуруу (трансформациялоо) боюнча

4. Мекеме уюмдардын жетекчилерине шайлоо боюнча кыскача түшүнүк берүү

5. Токтомдордун аткарылышы боюнча

6. Ар кандай маселелер

 

Салыбеков Т: Саламатсыздарбы урматтуу депутаттар VII-чакырылыштын 4-сессиясын ачык деп жарыялайм.

 

Кворум бар.

Катышкандар.

№

Аты жөнү

катышкандары

катышпагандары

1

Аскарбек уулу Аскат

+

 

2

Анарбек уулу Бердибек

 

-

3

Бешкемпирова Жылдызкан Сыдыгалиевна

+

 

4

Бейшенова Гулира Анарбековна

+

 

5

Жакыпова Гулнара Садыркуловна

+

 

6

Жээнбаева Тильбар Анаркуловна

 

жок

7

Курманкулова Рахат Турмаханбетовна

+

 

8

Кыялбек уулу Тилек

+

 

9

Мискенбаев Токтоболот Аширбаевич

 

-

10

Ниязалиева Айнура Бакузеевна

+

 

11

Парпиев Эмир Абдраимович

 

жок

12

Стамкулова Улбубю Музулумовна

+

 

13

Салбеков Талгат Качкынбаевич

+

 

14

Орозбаев Эрмек Орозбаевич

 

-

15

Турсункулов Бакытбек Омурзакович

+

 

16

Тургуналиев Эрнист Анарбекович

+

 

17

Турдубаев Бакытбек Арзыбаевич

+

 

18

Турсунбаев Руслан Молдокулович

+

 

19

Туткучева Надира Элебесовна

+

 

20

Шербек уулу Чыңгыз

 

-

21

Эмилбеков Аттокур Эмилбекович

+

 

 

Сессияга катышкан Мекеме уюм жетекчилери:

1. Кайнар б/б жетекчисиТурсункулова Каныгул

2. Көк-Сай б/б жетекчиси Тердикбаева Наргиза

3. А.Токтогожоев ат Көк-Сай орто мектебинин завхозуЖапаркулова Алмакул

4. №6118 шайлоо участогунун катчысы Токтоматова Акинай

5. №6023 шайлоо участогунун төрайымы Олжобекова Тахмина

6. (Келишим) менен Кичи футбол аянтчасын иштетип жаткан Султаналиев Азамат

 

Сессияга катышпаган Мекеме уюм жетекчилери:

1. Керимбай атындагы Кайнар орто мектебинин директору Алмабаева Гулира

2. №6022 шайлоо участогунун төрагасы Айтпаев Нурбек

 

Салыбеков Т: - Саламатсыздарбы администрация жетекчилери Сиздерди чакырган себебибиз өзүңүздөр билгендей 2021-жылдын 28-ноябрында Жогорку Кеңештин депутаттарынын шайлоосу өтөт. Мыйзамда жол бербегенүгүт иштерине катышпай,шайлоону таза акыйкаттуу өткөзүп алсак, мыйзам бузууларга жол бербей. 6- чакырылышта Курманкулова Рахат эжекебиз демилгелүү топ болуп сунуш киргизген 2,3 жыл мурда ал иш боюнча абдан эле жакшы иш жүргөн өкмөт башчы Стамкулов Болот Музулумович турат айыл өкмөтүнүн кызматкерлери менен биргеликте өлүм житимге бөөдө чыгым, ысырапчылыкты жоюу боюнча соц опрос жүргүзүлгөн 95% эл бул маселени колдоп берген. Былтыр пандемияга байланыштуу көп иштер токтоп калды. Биздин максатыбыз бул маселеге кайра кайрылып, өзүбүзчө талкуу кылдык. Ушул ишти колго алып жакынкы арада жалпы элдик жыйын өткөзүп аксакалдар сотун курамын түптөп алсак, аксакалдар соту бар, аялдар комитети, жаштар комитети, эжекелерибиз, акелерибиз менен биргеликте социалдык экономикалык абалды оңдоп алсак.

Салыбеков Т: №6118 шайлоо участогунун төрайымы ден-соолугуна байланыштуу иш алып бара албай жатат. Азыркы учурда төрайымдын жумушун убактылуу катчысы Токтоматова Акинай эжеке алып барууда. Сиз төрайымдын ишин алып барууга мыйзам жол береби? Сот аркылуу жооп бериле турган иш, аябай чоң жоопкерчилик керек. Бардык мүчөлөрүңүз менен чогулупжыйын өтүп койдуңузбу? Сиздин убактылуу төрайымдын жумушун алып барууңузга мүчөлөрүңүз каршы эмесин билдириштиби? Шайлоо так, эч бир бурмалоо суз, туура эмес иштер боюнча иш алып барууга мыйзам тыюу салган. Мамлекеттик кызматкерлер үчүн шайлоо иштерине катышууга болбойт. Биз жергиликтүү кеңештин депутаттары катары №6118, №6023, №6022 шайлоо участокторуна кирип көзөмөл жүргүзүүгө укугубуз бар, ошол үчүн шайлоо учурунда, эмнеге киришет деген сөз айтпаңыздар.

Токтоматова А: Саламатсыздарбы сессиянын катышуучулары мен азыркы учурда төрайымдын суранычы менен убактылуу төрайымдын иш алып барып жатам, мүчөлөрүбүз колдошту, онлайн режимде төрайым менен иш жүргүзүп такташып жатабыз. Билютеньдерди мен алып келем. Шайлоо күнү төрайым өзү чыгып иш алып барат буйруса.

Олжобекова Т: Ооба Сиздер шайлоонун жүрүшүн көзөмөлдөп катышууңуздарга болот. Айыл өкмөтү тарабынан керектүү конселярдык жана башка керектүү заттар алынып берилип жатат, рахмат Сиздерге.

Курманкулова Р: Менде сунуш бар, совет аксакалдар кеңешинин төрагасын, мүчөлөрүн, айыл имамын, молдолорду, жаштар кеңешинин, аялдар кеңешин чакыртып чогулуш өтүп койсок жакшы болмок. Азыр сессиядан кийин качанкыга уюштурабыз талкуулап койсок.

Стамкулов Б: Ооба Рахат эже туура айтасыз чогулуш өтүшүбүз керек.

Аскарбек уулу А: Светти үнөмдөбөсөк болбойт, берилген лимиттен ашпашыбыз керек. Жумуштан чыгып жатканда жылыткычтарды өчүрүп кетсеңиздер. Эртеси жумушка келгенде кайра иштетип коёсуздар.

Тердикбаева Н: Мисалы биз балдар бакчалар менен мектептер кандай режимде жылыткычтарды өчүрүшүбүз керек. Анткени эрте мененки саат 7.30 да балдарды кабыл алып баштайбыз, балдарды кабыл алып баштаганда тайпалар муздак суук болуп жатат. Жылыткычты эрте саат 6.00 иштеткен күндө да кеч жылыйт, жаш балдар ооруп калышат. Былтыр пандемия учурунда кышында өчүрүп кетип жатып, паравой отопленияларыбыз тоңуп калып жарылган.

Салыбеков Т: Ооба туура айтасыз такыр өчүрүп салууга болбойт, балдар үшүп калышы мүмкүн. Бул маселе боюнча РЭСке кайрылышыбыз керек экен. Болот Музулумович ушул иштер боюнча штабда суроо көтөрсөңүздөр. Көмүр жок, көмүр менен камсыздап беришсе айыл айылдарга.

Аскарбек уулу А: Спорт комплексти алсак балдар ойноп жүрүп жылыткычты өчүрүшпөй электр энергиясы лимиттен ашып кетти. 1 жылдык электр энергиянын каражатынан ашыкча колдонуп салышкан. Ошолорду өчүрүп салсак кандай болот эле. Бизге тапшырма берилген кечки 19.00 дон, эрте мененки 7.00 чейин өчүрүүлөр болсун деп. Рейд жүрөт өчүрүлөр боюнча, РЭС өзү көзөмөлдөйт.

Трусункулова К: Менде бир суроо Балдар бакчасынын кир жуучу машинасы бузулуп калды, кир жуучу автомат орнотуп берсеңер. Аристонубуз бузулуп калды ошону дагы карап каржылап берсеңиздер.

Стамкулов Б: Көмүр боюнча Губернатор менен сүйлөшүп жатабыз Казахстандан Тараз шаарынан алып келишет Айылдарга өздөрү алып келет. Электр энергиясынын чектөөлөрү боюнча спорт комплекс менен спорт залдардын өз убагында өчүрүп, күйгүзүп турууну өзүм көзөмөлгө алам. Кайнар балдар бакчасы боюнча аристондун тенин эле алмаштырып койсо болот ал 1500-2000 миң сом турат, автомат машинанын эң арзаны азыр 20000 миң сом турат. Бирок сиздин айтып сметада каралбаса да в не плановый болгонуна байланыштуу жыл этегинде акча каражат ашыкча болсо карап берүүгө аракет кылабыз.

Стамкулова У: Өчүрүлөр боюнча Биздин больницага да көп ооруулар келишет кечинде өчүрүп эрте менен иштеткенде жылыбайт түшкө чейин процедурныйга уколго элдер көп келишет жаш наристелерге прививка салабыз аларды чечинтип тыңшайбыз. Бизге күндүз өчүрүп түнү менен күйүп турганы ыңгайлуу болуп турат анткени эрте менен жумушка келгенде жылуулук көпкө сакталып турат.

Салыбеков Т: Саат 6.00-10.00 чейин өчүрүүлөрдү узартуу боюнча коюлган чектер жөнүндө РЭСке кат жазып кайрылабыз, мекеме уюмдардын иш алып баруусуна свет өчүрүүлөрдүн сааттык режимин өзгөрттү боюнча убакыт сааттарын өзгөртүп берүү.

Мырзабекова М: Айыл өкмөтүнүн 9 айлык отчётун депутаттарга маалымат берип өттү.

Бекитилген план 1553,6, аткарылганы 1,720,7. 98,8% бюджеттин иштери аткарылгандыгы тууралуу айтып өттү. Эң маанилүүсү салык түрлөрү, жер салыгы болуп жатат. Жер салыгы боюнча жакшы көрсөткүчтү көрсөтүштү. Чыгаша бөлүгү жана мекеме чыгымдары боюнча тааныштырып, каралган каражаттар өз максатында жумшалып жаткандыгын айтып өттү.

Аскарбек уулу А: Ит атууну бир жылда эки бөлүп аттырыш керек деп жатышат, биз жылына 30000 миң сом карап жатканбыз. Эми көбүрөөк сумма карап40 миң сомдой декабрда 20 миңге ит аттырып, 2215 статьядан алып 2021-жылдын эсебинен февраль айында дагы экинчи жолу 20 миң сомго аттырып койсок жакшы болот. Антпесек иттер көбөйүп кетти.

Менде дагы бир сунуш Бакыт менен сүйлөшүп акылдашып Көпкөрүгө турнир өткөзгөнгө жылына 15000 миң сом айыл өкмөтү тарабынан каралат. Жеребевка таштасак кайра кийинки сезондуку биринчи болуп биздин айыл аймагынакелип калды. Эгер каражат жетишсе өзүбүз каржылайбыз акча караштырып жатабыз, эгер жетпесе резервге карап айыл өкмөтүнүн 2215 статьясынан каржылап берсеңиздер.

Салыбеков Т: Урматтуу коллегалар эгер жогоруда берилген отчет канааттандырарлыкпы же жокпу колго салсак. Бюджет боюнча туруктуу комиссиянын чечемин уктуңуздар. 2021-жылдын 9-айына карата бюджеттин аткарылышы боюнча отчет канааттандырарлыкпы?

Депутаттар бир добуштан канааттандырарлык деп табышты.

Курманкулова Р: Ар бир көчөгө домком шайлап койсок, анткени биз депутаттар көчө кыдырып мусорго , ремонтго деп акча чогултуп отурганыбыз туура эмес болуп калат го. Биз депутаттар ар көчөнүн домкому менен иш алып барсак жакшы болот.

Салыбеков Т: ЖКХ ачсак жакшы болот азыр сессияда ЖКХ ачуу боюнча жана жетекчисин дайындап алсак. Элдинооз эки сурануусунун негизинде айыл өкмөтүнүн сунушу менен Иманкулов Барпыгулакени шайлап алсак. Өзү бүгүн сессияга катыша алган жок суранып кетти. Бапын аке айыл өкмөтүндө көп жыл катчылык кызматта иштеген, дин жолуна түшкөндөн кийин мага бул иште иштеген болбойт экен деп өз арызы менен жумуштан чыгып кеткен. Бапын акени ЖКХ жетекчилигине макулсуздарбы? кимиңизде кандай ой пикир бар ортого салып акылдашып алсак.

Ниязалиева А: Барыбыз эле макул болот болушубуз керек Бапын акени билебиз айыл өкмөтүндө иштеп кеткен так иш жүргүзгөн киши болчу.

Салыбеков Т: Техникалар боюнча айтсамЭксковаторду Кенжебек уулу Ишенбекке берсек ал бала трактор айдап жүрөт, техниканы абдан жакшы билет, өзү маторун чачып кайра оңдоп алат. Негизи техниканы жакшы билген айдаса жакшы. Китайский тракторду Батырбеков Чолпонбекке берсек ал аябай чынчыл, жоопкерчиликтүү бала. Убагында трактор айдап жүргөн. Ишенбек менен Чолпонбекке эки тракторду берсек эл үчүн жакшы кызмат көрсөтөт деп ойлойм.

Аскарбек уулу А: Урматтуу депутаттар ой пикириңиздерди айтыңыздар, жок болбойт десеңиздер башка техника билген адамды сунуштаңыздар.

Кыялбек уулу Тилек: Ооба мен каршы эмесмин Ишенбек техниканы жакшы билет жакшы айдайт. Өзү бузулган жерин оңдоп алат, көп жылдык стажы бар.

Салыбеков Т: Урматтуу коллегалар ЖКХ ачылуусуна жана жетекчиси дайындалышына макулсуздарбы? Макул болсоңуздар колго салам добуш берип койсоңуздар.

Депутаттар талкуулашып бир добуштан канааттандырарлык деп колдоп беришти.

Стамкулов Б: Көк-Сай айыл аймагында жайгашкан айылдарынын тургундарынын социалдык маселелерин чечүү максатында Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июль айындагы №145 жерлерди которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү мыйзамынын жанаКыргыз Республикасынын жер кодексинин 12 -пунктунун 20-статьясын жетекчиликке алып жаңы конуштарга, мүрзөлөргө, таза сууга жер участок которуштуруу (трансформациялоо) боюнча жогорку инстанцияларга кайрылып жатабыз. Сунуш берсеңиздер 2022-жылы эмне иш алып барабыз Сиздер менен акылдашып иш алып барсак, кандай инвестиция тартылат? Жаңы курулуп жаткан балдар бакчасына Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан республикалык бюджеттен каржылануучу курулушка 10000 милл сом которулат буйруса, Кайнардын мектебине 4000 милл сом которулду иш жүрүп жатат.

Салыбеков Т: Жайыт категориясынан жаңы конуштарга, мүрзөлөргө, таза сууга жер участок которуштуруу (трансформациялоо) боюнча биз жергиликтүү кеңеш тарабынан токтом чыгарып берсек. Менин билишимче Айталиев Ашым аке рахматынын убагынан берижер участокко арыз таштап кезекке катталып келе жаткан Көк-Сай, Кайнар айыл тургундары көп, комиссия менен биргеликте жер участокко муктаж үй-бүлөлөрдү тактап, айыл өкмөт башчысы, жер адис менен иш алып барсак мыйзам негизинде чечим чыгарып.

Кичи футбол аянтчасы боюнча айтсам азыркы учурда абалы жакшы болбой турат, тегерек чекеси мусор чачылып жатат. Кулпуланбайт балдар ичинде велосипед тээп жүрүшөт тегереги курчалган тор зымы тешилген деген сөз айтылып жатат. Айыл өкмөтү менен келишим түзүлдү беле?

Султаналиев А: Ооба айыл өкмөтү менен 12000 миң сомго келишим түзүлгөн. Быйыл орууга байланыштуу кичи футбол аянтчасы көп ачылбай каражат түшкөн жок. Кулпуланып турган аянтчага балдар сеткасын кыркып кирип кетип жатышат. Кичи футбол аянтчанын газону айрылып алдына төшөлгөн кум ошол жерге чогулуп дөң болуп, тоскоолдукжаратып жатат.

Салыбеков Т: Кичи футбол аянтчасынын электр энергиясына жылына 22000 миң сом төлөнөт, анын ичинде ремонт оңдоп түздөө иштери да бар. Жылына 22000 миң сомдон ашык акча түшүрө аласыңбы? Ойлонуп кор эгер иштесең айыл өкмөтү менен келишим түзүп электр энергиясына акча каражат чыгарып өзүн өзү жаап турса жакшы.

Ара-Бийикке мини ГЭС куруу боюнча уруксат берилбей жатат. Ара – Бийиктин жери корукка карап калган экен ошол себептүү мини ГЭС курууга болбойт деген жооп келди. Бирок айыл өкмөтү тарабынан Агентствого Рахат Рысалиевге кат жазып кайрылабыз. Аракет кыла берелик кайракы жерлерибизге суу чыгып калса элибизге жакшы болот. Ага чейин дагы бир отурум кылып чогулуп кеңешебиз.

Стамкулов Б: Айылга эмне инвестиция тартып келсек болот азыр өзүбүздүн айылда иштеп турганда проект тартып айылга керектүү иш кылсак. Жаңы мыйзам боюнча айыл өкмөттөр башка региондордон башка райондордон шайлана турган болуп калды. Былтыр стим грант менен эки проектибиз өттү, жалпысынан ишибиз жакшы. Бюджет аз болгону менен Инвестиция көп бизде. Экинчидеги балдар бакчасына жакын арада 10,000,000 милл сом которулуп үстү жабылат буйруса, Кайнар мектебине 3000,000 милл түштү, дагы 3000,000 миллион күтүп жатабыз эмки жылы ввод болот,жолдорго макулдук берсе иш алып барылат. Өзүңүздөр билгендей быйыл мероприятиялар көп болгондугуна байланыштуу, айыл өкмөтүнө тиешелүү авто унаа жок, өзүмдүн жеке машинам менен жүрөм. Азыр бензин кымбат, Таласка,районго көп барабыз бензинге каражат карап берсеңиздер. Дагы айта кетчү нерсе Столбалар келдижаңы конуштарга жергиликтүү бюджеттен зымга каражат чыгарып берсеңиздер. Кайнар айылына таза сууга да каражат карап бекитип берсеңиздер.

Салыбеков Т: Төрагаларга да бензинге каражат карап коюшубуз керек. Жергиликтүү кеңеште элге кызмат көрсөтүп жүргөндөн кийин компенсация кылып бензин карашып беришет. Биз төрагалар чогулуш болгондо өз каражатыбызга бензин куюп барчу жерлерге барып жүрөбүз.

Стамкулова У: Биздин ҮДТ №3, больницага ысык суу керек эле. Азыр пандемия учурунда көп орулуулар келишет, бирөөсүн кармап коруп колду жууп экинчи орууну кармабаса болбойт. Үч врачтын кабинетине кол жууганга кран коюп берсеңиздер.

Стамкулов Б: Ооба туура айтасыздар буйруса каражат жыл этеги менен привышения менен чыксак Сиздердин маселеңиздерди чечүүгө аракет кылабыз.

Курманкулова Р: Отурумду качанкыга уюштурсак Аксакалдар сотунун төрагасы, мүчөлөрү менен аялдар кеңеши, жаштар кеңеши, ар бир уруунун бийлери, мечит имамы, молдолорду чакырсак. Ар бир көчөнүн тазалыгын, таза суу боюнча көзөмөл жүргүзө турган кишини караштырып келсеңиздер.

Салыбеков Т: Отурумду шайлоо өткөндөн кийин уюштурсак 2021-жылдын3-декабрына саат 11.00 го.

 

  

Сессияга катышкандарыңыздарга рахмат ушуну менен сессия жабык деп жарыялайм.

 

 

 

Төрага:

Салыбеков Т

 

 

 

Катчы:

 

 

 

Саадабаева В