ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылыш кезексиз XXXVII сессиянын
2024-жылы 14-февралы №2
“Жалал-Абад шаарындагы Таш Булак аймактык башкармалыгына
Конгантиев Молдомуса Ташболотовичдин ысымын ыйгаруу жөнүндө”
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин “Географиялык объектилерге аталыштарды жана ысымдарды берүү, өзгөртүү боюнча” Жобосунун негизинде, Жалал-Абад шаардык мэриясынын 09.02.2024-жылдагы чыг.№01-19/582-сандуу катты шаардык кеӊештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясында карап чыгып, Депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезексиз XXXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарындагы Таш-Булак аймактык башкармалыгына мурдагы Кыргыз
Республикасынын ички иштер министри, генерал, маркум Конгантиев Молдомуса Ташболотовичтин ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомду аткаруу жагы Жалал-Абад шаарынын мэриясына (Э.Ормоков)
милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик
реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (О.Эшенкулов)
милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин социалдык,
укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык
ишмердүүлүк, коомдук уюмдар жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясына
милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында
жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Төрага: | Н.Орозбаев. |