ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII чакырылышынын Чолпон айылдык кеңешинин кезектеги XIX сессиясы
2023-жылдын 10-февралы № 20/7
Балдар ойноочу аянтча курууга жер аянтын берүү жөнүндө
Корчубек Акназаров орто мектебинин 2003-жылкы бүтүрүүчүлөрүнүн демилгеси Чолпон айылынын борборуна балдар ойноочу аянтча куруу тууралуу билдирүүсүн угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Корчубек Акназаров орто мектебинин 2003-жылкы бүтүрүүчүлөрүнүн балдар ойноочу аянтча куруу демилгеси жактырылып колдоого алынсын.
2. Тийиштүү жер аянттарын тактоо жагы жана иш кагаздарын бүтүрүү жагы жер турак-жай, коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча адис Жаныш уулу Ормонго тапшырылсын.
3. Бөлүнгөн жер аянтына буйрук чыгарып, тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүп, мыйзамдаштырып берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы У. Өмүрбековго тапшырылсын.
Төрага | Жумалы уулу Адил |