Редакцияот 14.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылыш кезексиз XXXVII сессиянын

 

2024-жылы 14-февралы №3

 

“Жалал-Абад шаарынын З.Жамашев көчөсүндө жайгашкан №135 даректеги муниципалдык батирлерди тикелей сатууга макулдук берүү жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын “Турак-жай” Кодексинин 58-беренесинин 2-пунктунун 3- пунктчасына ылайык, “Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик

башкармалыгынын балансында турган Жалал-Абад шаарынын З.Жамашев көчөсүндөгү №135 дарегиндеги көп кабаттуу үйлөрдү 36 батирин тикелей сатуу жөнүндө” Жобонун 6.6- пунктуна жана Жалал-Абад мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын 19.12.2023-жылдагы чыг.№01-7/1501 жана 31.01.2024-жылдагы чыг.№01-7/67 сандуу каттарды Жалал-Абад шаардык кеңешинин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, комиссиянын корутундусуна ылайык, Депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз XXXVII сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Жалал-Абад шаарынын З.Жамашев көчөсүндө жайгашкан №135 даректеги муниципалдык батирлерди №1-тиркемеге ылайык тикелей сатууга макулдук берилсин.

2. Жалал-Абад шаарынын мэрине (Э.Ормоков), Жалал-Абад муниципалдык менчик

башкармалыгынын башчысына (Ж.Борукулов) мыйзамдын талаптарын сактоо менен

иш жүргүзүү жагы жүктөлсүн.

3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик

реестрге киргизүү жагы шаардык кеӊештин жоопту катчысына (О.Эшенкулов)

милдеттендирилсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин курулуш,

транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына

милдеттендирилсин.

5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында

жарыялангандан тартып күчүнө кирет.

 

Төрага:

Н.Орозбаев.

 

 

 

 

Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз XXXVII сессиясынын №3-токтомуна №1-тиркеме.

 

Жалал-Абад шаарынын З.Жамашев көчөсүнүн №135 дарегиндеги көп кабаттуу үйлөрдөгү 4 батирдин тизмеси

 

 

№

Аты жөнү

Муниципалдык батирлердин дареги

1

Тагаева Гулнара Бейшебаевна

З.Жамашев көчөсү №135 дареги 2-батир

2

Матсакова Жанаргуль Каныбековна

З.Жамашев көчөсү №135 дареги 8-батир

3

Сардалбеков Сыргак Сапарбекович

З.Жамашев көчөсү №135 дареги 31-батир

4

Омурзакова Кенжегуль Кыргызбаевна

З.Жамашев көчөсү №135 дареги 37-батир

 

 

 

 

Жооптуу катчы:

О.Эшенкулов