ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII чакырылышынын Чолпон айылдык кеңешинин кезектеги XX сессиясы
2023-жылдын 10-февралы № 20/11
Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча эрежелерди бекитүү жөнүндө
Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча эрежелерди бекитүү тууралуу жер турак жай, коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адис Жаныш уулу Ормондун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” №305 Жарлыгын 2023-2025-жылдарга Чолпон айыл аймагындагы түзүлгөн иш аракеттер планы бекитилсин (тиркеме тиркелет).
2. Чолпон айыл аймагында тазалыкты камсыздоо боюнча иш аракеттер жүргүзүлсүн.
3. Бекитилген иш аракеттер планы боюнча толук кандуу иш алып баруу жагы жер турак жай, коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адис Жаныш уулу Ормонго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чолпон айыл өкмөтүнүн башчысы У. Өмүрбековго тапшырылсын.
Төрага | Жумалы уулу Адил |