Редакцияот 10.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Депутаттардын VII чакырылышынын Чолпон айылдык кеңешинин кезектеги XX сессиясы

2023-жылдын 10-февралы № 20/12

“Жээнтай-Темир” кооперативи жөнүндө

“Жээнтай Темир” кооперативинин ишин уюштуруу, Чолпон айыл аймагында жайгашкан гараж, май куйуучу жай жана кампаларды белгилүү мөөнөткө ижарага алуу тууралуу Тармал-Саз айылынын тургуну Б. Исмаиловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Муниципалдык менчикте турган Чолпон айыл өкмөтүнө караштуу гараж, май куйуучу жай жана капмаларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипке ылайык имараттарды менчиктештирүү же белгиленген мөөнөткө берүү боюнча дагы бир жолу мыйзамдарын кароо жагы жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн. “Жээнтай Темир” кооперативи тууралуу иш кагаздар толук болбогондуктан кийинки сессияда каралсын.

 

2. Бул орчундуу маселе болгондуктан кийинки сессияга калтырылсын.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

Төрага

Жумалы уулу Адил