Редакцияот 28.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТУРПАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Турпак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү VIII сессиясынын

 

2023-жылдын 28-июлундагы № 17

 

Айыл аймагында жапайы жаныбарларды багып санын көбөйтүү үчүн жер ажыратып берүү жөнүндө

 

Жаңы-Жер айылынын тургуну Ош, Баткен мергенчилер коомунун егери Х. Рахимовдун 2023-жылдын 17-июлундагы арызын айылдык кеңешин депутаттары угуп, талкуулап айылдык кеңешин сессиясы токтом кылат:

 

1. Ак-Турпак айыл аймагынын Жаңы-Жер айылындагы БМК үстүнөн жапайы жаныбарларды багып санын көбөйтүү үчүн 10га жер аянты ижаралык шартта узак мөөнөткө берилсин.

2. Берилген жерди туура багытта пайдалануу жагы Х.Рахимовго эскертилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет,экономика жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

А.Имаров