АК-ТУРПАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Турпак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VII сессиясынын
2023-жылдын 06-июлундагы № 15
Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы А.Акимов жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын №34-беренесинин 5-пунктуна жана айылдык кеңешинин 2023-жылдын №13 токтомун аткарбагандыгы үчүн А.Акимовдун маселесин айылдык кеңешинин депутаттары айылдык кеңешинин сессиясында талкуулап, айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө Мыйзамынын 34-беренесинин 5-пунктуна жана айылдык кеңешинин 2023-жылдын №13 токтомун аткарбагандыгы үчүн айыл өкмөтүнүн башчысы А.Акимовго ишенбөөчүлүк көрсөтүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө Мыйзамынын №34-беренесинин 16-пунктуна жана айылдык кеңешинин 2023-жылдын №13 токтомун аткарбагандыгы үчүн Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы А.Акимов ээлеген кызматына шайкештиги жөнүндө маселени кароо жагы Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким К.Шакировго сунушталсын.
Төрага |
| А.Имаров |