АК-ТУРПАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Турпак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз V сессиясынын
2023-жылдын 26-майындагы № 12
“Халмион Прон” ЖЧК сы жөнүндө
“Халмион Прон” Жоопкерчилиги чектелген коомун директору З.Э.Орозбаевдин 2023-жылдын 25-мартындагы № 77 сандуу катын айылдык кеңешинин сессиясында угуп, талкууланып айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Ак-Турпак айыл аймагын Сары-Утек жер участкасындагы 44,2га жер аянтына геологиялык чалгындоо максатында пайдаланууга Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экологиялык жана техникалык көзөмөл министрлигинин №7128 ТР Лицензиясынын “Халмион Прон” ЖЧК на чалгындоо жумуштарын баштоо үчүн айыл өкмөтү менен келишим түзүүгө уруксат берилсин.
2. Эки тараптуу келишим түзүү жагы айыл өкмөтүнө сунушталсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн жетекчилигине жүктөлсүн.
Төрага |
| А.Имаров |