ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII чакырылышынын Чолпон айылдык кеңешинин кезектеги XXI сессиясы
2023-жылдын 10-марты № 21/3
Жайыт Пайдалануучулар Бирикмесинин 2022-жылга карата бюджетинин аткарылышын кароо жана бекитүү жөнүндө
Жайыт Пайдалануучулар Бирикмесинин төрагасы Т. Токтомушовдун 2022-жылга карата бюджетинин аткарылышы тууралуу маалыматын угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Жайыт Пайдалануучулар Бирикмесинин 2022-жыл ичинде аткарган иштери жана бюджетинин аткарылышы канааттандырарлык деп табылсын.
2. Жайыттарды жакшыртуу, жайыттарды өнүктүрүү боюнча долбоорлорду тартып, алгылыктуу иштерди алып баруу жагы Жайыт Пайдалануучулар Бирикмесинин төрагасына тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана аткарылышын кароо жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Жумалы уулу Адил |