Редакцияот 10.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Депутаттардын VII чакырылышынын Чолпон айылдык кеңешинин кезектеги XXI сессиясы

2023-жылдын 10-марты № 21/4

Тармал-Саз айылынан эски көрүстөндөрдү казуу иштерине акча каражатын бөлүү жөнүндө

Тармал-Саз айылынан 18,53 га жер аянтында эски көрүстөндөр бар болуп калгандыктан, археологиялык казуу иштерин жүргүзүү тууралуу Тармал-Саз айылынын тургундарынын көйгөйлүү маселесин чечүү максатында Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 токтомунун негизинде “Жер мунапысынын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Чолпон айыл аймагындагы айылдар боюнча жер мунапыс объектилерине менчик укугун бекитүүгө мыйзамсыз салынган турак жайлардан Тармал-Саз айылынан 18,53 га жер аянтында эски көрүстөндөр бар болуп калгандыктан, археологиялык казуу иштерин жүргүзүп жерди бошотуу маселеси орчундуу болгондуктан, айыл өкмөтүнүн бюджетте жана атайын каражаттарынан 2022-жыл ичинде пайдаланылбай калган каражаттары жөнүндө 2023-жылдын 10-февралындагы №20/6 Токтомунун Кочкор-Чаек, Туз-Чолпон кесилишине жол чырак койдуруу бөлүмүндөгү 1430,0 (бир миллион төрт жүз отуз) миң сом акча каражатынан 1000,0 (бир миллион) миң сом акча каражаты Тармал-Саз айылындагы 18,53 га жер аянтындагы эски көрүстөндөргө археологиялык изилдөө жана казуу иштерине бөлүнүп берилсин.

 

2. Тармал-Саз айылынын 18,53 га жер аянтында эски көрүстөндөрдү казуу иштерин мыйзам чегинде жүргүзүү жагы каралсын.

 

3. Акча каражатын бөлүп берүү жагы Чолпон айыл өкмөтүнүн каржы экономика бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчи А. Усубалиевге тапшырылсын.

 

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чолпон айыл өкмөтүнүн башчысы У. Өмүрбековго тапшырылсын.

 

Төрага

Жумалы уулу Адил