АК-ТУРПАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Турпак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги III сессиясынын
2023-жылдын 13-апрелиндеги № 6
Ак-Турпак айыл аймагынын Токой айылын тургуну Турсуматов Саркар жөнүндө
Ак-Турпак айыл аймагынын Токой айылынын тургуну С.Турсуматовдун 2023-жылдын 6-февралындагы арызын айылдык кеңешинин сессиясында угуп, талкууланып айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Токой айылынын тургуну С.Турсуматовдун турак жайынын үстүнөн CASA -1000 долбооруна негиз чоң чыңалуудагы электр чубалгылары өткөндүгүнө байланыштуу компенсация иретинде 7 жылдык мөөнөт менен 2,0га жер аянты ижаралык шартта берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| А.Имаров |