Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 20-майы № 87
"Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 9, 412-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 16-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Эгерде ушул пунктта башкача белгиленбесе, микрофинансы компаниясы Улуттук банк тарабынан белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен, мындай операциялар лицензияда көрсөтүлгөн шартта, төмөнкү банк операцияларын жүзөгө ашыра алат:
1) камсыз кылынган жана камсыз кылынбаган микрокредиттерди берүү;
2) жеке жана юридикалык жактардан кардарлардын өздүк жыйымдарын топтоо максатында кайтарып берүү шарты менен мөөнөттүү аманаттарды кабыл алуу;
3) карыз милдеттенмелерин (факторинг) сатып алуу жана сатуу;
4) микрофинансы компаниясында кардарларга эсеп ачпастан, банк менен агенттик келишим боюнча банктын чекене кызмат көрсөтүүлөрүн жүзөгө ашыруу;
5) микрокредит (лизинг) менен чогуу алганда бир карыз алуучуга кредиттин максималдуу өлчөмүнүн ченеминен ашпаган өлчөмдө кепилдиктерди берүү;
6) овердрафтты кошпогондо, террористтик иштерди каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын сактоо менен, накталай эмес формада кредиттерди берүү үчүн улуттук төлөм системасынын алдын ала чыгарылган кредиттик карталарын чыгаруу.
Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык, бул операция лицензияда көрсөтүлгөн шартта, микрофинансылык компания төлөм карталарынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылган электрондук акчалардын, эки өлчөмдүү штрихкод (QR-код) символдорунун жана башка төлөм инструменттеринин эквайрингин жүзөгө ашыра алат.";
2) 33-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Улуттук банк тарабынан микрофинансы компанияларын лицензиялоо тартибине ылайык алынган лицензияда бул операциялар көрсөтүлгөн шартта, микрокредиттик компания төмөнкү банк операцияларын кошумча жүзөгө ашыра алат:
1) карыз милдеттенмелерин (факторинг) сатып алуу жана сатуу;
2) микрокредиттик компанияда кардарларга эсептерди ачпастан, банк менен агенттик келишим боюнча банктын чекене кызмат көрсөтүүлөрү;
3) өз атынан чет өлкөлүк валюталарды сатып алуу жана сатуу;
4) овердрафтты кошпогондо, террористтик иштерди каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын сактоо менен, накталай эмес формада кредиттерди берүү үчүн улуттук төлөм системасынын алдында алдын ала чыгарылган кредиттик карталарын чыгаруу.
Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык, бул операция Улуттук банк тарабынан микрофинансы компанияларын лицензиялоо тартибине ылайык алынган лицензияда көрсөтүлгөн шартта, микрокредиттик компания төлөм карталарынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылган электрондук акчалардын, эки өлчөмдүү штрихкод (QR-код) символдорунун жана башка төлөм инструменттеринин эквайрингин жүзөгө ашыра алат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 24-майындагы № 39 (3592) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |