Редакцияот 10.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Депутаттардын VII чакырылышынын Чолпон айылдык кеңешинин кезектеги XXI сессиясы

2023-жылдын 10-марты № 21/6

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги “Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралар тууралуу” №109 жарлыгын аткаруу жөнүндө

Чолпон айыл өкмөтүнүн жер, турак жай, коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча адиси Жаныш уулу Ормондун Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги “Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралар тууралуу” №109 жарлыгын ишке ашыруу жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Чолпон айыл өкмөтүнө караштуу Чолпон, Тармал-Саз, Осоавиахим, Туз, Ара-Көл, Оро-Башы, Эпкин, Ак-Чий, Узун-Булак айылдарындагы жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алган жарандарга эскертүү берилсин.

 

2. Чолпон айыл аймагындагы айылдарда жерлерди мыйзамсыз пайдаланган жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы Чолпон айыл өкмөтүнүн жер, турак-жай, коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча адиси Жаныш уулу Ормонго милдеттендирилсин.

 

3. Чолпон айыл аймагындагы айылдарда кызыл чийинден чыгып кеткен ар бир үй кожолуктарына, кызыл чийинден чыкпай курулуштарды жүргүзүү жагы эскертилсин.

 

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чолпон айыл өкмөтүнүн башчысы У. Өмүрбековго тапшырылсын.

 

Төрага

Жумалы уулу Адил