Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 23-июлу № 15
Акман айыл аймагындагы жаңы ачылган бала бакчалардын тамак ашы жөнүндө
Акман айыл аймагындагы жаңы ачылган бала бакчаларга өкмөт тарабынан каралуучу тамак-ашы боюнча М.Коконовдун берген маалыматын угуп жана талкуулап Акман айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Акман айыл аймагынын Жараке айылындагы жаңы ачылган “Эламан” бала бакчасы жана Колот айылындагы “Жыпара” бала бакчаларынын тамак-ашына, ата-энелер тарабынан төлөнүүчү акча каражаты 25 сомго бекитилсин.
2. Бөлүнгөн каражатты камсыздап берүү жагы Акман айыл өкмөтүнүн башчысы М. Коконов жана айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы М. Эсенбаевге жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айылдык Кеңешинин каржы экономика боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Акман айылдык Кеңешинин төрагасы: | А.Тилекеев |