ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII чакырылышынын Чолпон айылдык кеңешинин кезексиз XXII сессиясы
2023-жылдын 4-апрели № 22/3
Чолпон айыл аймагында жаз, жай, күз айларында бодо малдарды жана майда мал жандыктарын мезгилдүү багуусу, мал багуунун ички тартип эрежелерин бекитүү жөнүндө
КРнын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” Кодексине, КРнын “Бузуулар жөнүндө” Кодексине, КРнын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КРнын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамдарына ылайык Чолпон айыл аймагында жаз, жай, күз айларында бодо малдарды жана майда мал жандыктарын (кой, эчки) мезгилдүү багуусу, мал багуунун ички тартип эрежелерин бекитүү боюнча №4150 Чолпон шайлоо округунан депутат Чолпонкул уулу Нурадилдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Чолпон айыл аймагында жаз, жай, күз айларында бодо малдарды жана майда мал жандыктарын (кой, эчки) мезгилдүү багуусу, мал багуунун ички тартип эрежелери, айдоо аянттарды жана үлүш жерлерди коруу, корукчулар менен тыгыз иштөө маскатында төмөндөгүдөй ички тартип эрежелери бекитилсин:
- 3 уйдан ашык алып калууга чектөө киргизилсин;
- майда мал жандыктарды (кой, эчки) айылдарда алып калууга тыюу салынсын;
- 1 миңгич аттан башка жылкыларды алып калууга чектөө киргизилсин.
Ашыкча бодо малдарды жана майда мал жаныдыктарды (кой, эчки) алып калууда төмөндөгүдөй айып пулдар салынсын:
1 бодо малга 1000-00 сом
Майда мал жандыктарга (кой,эчки) 100-00 сом
Айдоо аянттарга, үлүш жерлерге бодо малдарды жана майда мал жандыктарды (кой, эчки) аркандаса же жайса
1 бодо малга 1500-00 сом
Майда мал жандыктарга (кой, эчки) 250-00 сом өлчөмүндө айып пулдар салынсын
Айдоо аянттардагы, үлүш жерлердеги эгиндерди, чөп чабындыларды бодо малдар жана майда мал жандыктары (кой,эчки) тебелеп, жеп жараксыз абалга келтирсе, дыйкандын бир жылдык түшүмүнүн жарымын төлөп берүү жагы мал ээлерине эскертилсин.
Мезгилдүүлүгү 1-майдан 1-октябрга чейин белгиленсин.
2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесине айыл башчылар жана корукчулар менен тыгыз иш алып баруу жагы тапшырылсын.
3. Бул токтом жарыялангандан тартып күчүнө кирет. Аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чолпон айыл өкмөтүнүн башчысы У. Өмүрбековго милдеттендирилсин.
Төрага | Жумалы уулу Адил |