Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII чакырылышынын Чолпон айылдык кеңешинин кезексиз XXII сессиясы
2023-жылдын 4-апрели № 22/4
Жакынкы жайыттарды корук кылуу жөнүндө
Чолпон айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Токтомушов Тунуктун жакынкы жайыттарды корук кылуу тууралуу билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамынын 4-беренесине жана Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин “Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын планына” ылайык Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Чолпон айыл аймагынын жайыттарын калыбына келтирүү, жайыттарды эс алдырып отурукташтыруу, жайыт жерлерин асылдандыруу, жакынкы жана алыскы жайыттарды натыйжалуу башкаруу максатында Чоң-Туздан-Корумдуга чейин, Баба-Атадан-Бортартарга чейинки ички жайыттар (жазгы, күзгү жайыттар) 3 жылдык мөөнөткө 1-июндан 1-октябрга чейинки аралыкта корук болуп уюштурулсун.
2. 1-июндан 1-октябрга чейинки аралыкта Чоң-Туздан-Корумдуга чейин, Баба-Атадан-Бортартарга чейинки ички жайыттарга мал баккан мал ээлерине төмөндөгүдөй айып пул салынары эскертилсин:
Бодого-1000 сом
Майда жандыктарга (кой, эчки)-100 сом
3. Чабандарга, айыл тургундарына, мал ээлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы айыл башчыларга, Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чолпон айыл өкмөтүнүн башчысы У. Өмүрбековго тапшырылсын.
Төрага | Жумалы уулу Адил |