ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII чакырылышынын Чолпон айылдык кеңешинин кезексиз XXII сессиясы
2023-жылдын 4-апрели № 22/5
Айылдык кеңешинин материалдык базасын чыңдоо максатында “3в1 Принтер” алууга акча каражатын кароо жөнүндө
Чолпон айылдык кеңешинин материалдык базасын чыңдоо жана айылдык кеңештин иш кагаздарын толук кандуу жүргүзүү максатында “3в1 Принтер” сатып алуу муктаждыгы пайда болгону тууралуу А. Сапарбековдун маалыматын угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Чолпон айылдык кеңешинин материалдык базасын чыңдоо үчүн “3в1 Принтер” алууга, айыл өкмөтүнүн бюджетте жана атайын каражаттарынан 2022-жыл ичинде пайдаланылбай калган каражаттары жөнүндө 2023-жылдын 10-февралындагы №20/6 Токтомунун Кочкор-Чаек, Туз-Чолпон кесилишине жол чырак койдуруу бөлүмүндөгү 1430,0 (бир миллион төрт жүз отуз) миң сом акча каражатынан 22,0 (жыйырма эки) миң сом акча каражаты Чолпон айылдык кеңешинин кеңсесине “3в1 Принтер” алууга бөлүнүп берилсин.
2. Принтерди максаттуу пайдалануу жагы Чолпон айылдык кеңешинин жооптуу катчысы А. Сапарбековго эскертилсин.
3. Акча каражатын бөлүп берүү жагы Чолпон айыл өкмөтүнүн каржы экономика бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчи А. Усубалиевге тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Жумалы уулу Адил |