Редакцияот 04.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Депутаттардын VII чакырылышынын Чолпон айылдык кеңешинин кезексиз XXII сессиясы

2023-жылдын 4-апрели № 22/7

Долбоорлорго өздүк салым бөлүү жөнүндө

Чолпон айыл аймагында долбоорлорго өздүк салымдарды бөлүү тууралуу Чолпон айыл өкмөтүнүн башчысы У. Өмүрбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Чолпон айыл аймагында инвестициялык долбоорлор ишке ашып жаткандыктан өздүк салым катарында долбоорлорго жана архитектурага сметага акча каражатын бөлүү максатында, айыл өкмөтүнүн бюджетте жана атайын каражаттарынан 2022-жыл ичинде пайдаланылбай калган каражаттары жөнүндө 2023-жылдын 10-февралындагы №20/6 Токтомунун “Долбоорлорго өздүк салымы” бөлүмүндөгү 2900,0 (эки миллион тогуз жүз миң) сом акча каражаты төмөндөгүдөй бөлүштүрүлсүн:

 

-Эпкин айылындагы ФАПына 3 тараптуу келишимдин негизинде кошумча жумуштарын жана сметадан ашыкча жумуштарды жазагандыгы үчүн 360,0 (үч жүз алтымыш миң) сом

-Архитектурага смета 200,0 (эки жүз миң) сом

-Оро-Башы айылынын Кочкор өнүктүрүү фонду тарабыанан каржыланып жаткан ичүү таза суусуна кошумча материалдарды алууга 1000,0 (бир миллион) сом

-АРИС программасы аркылуу каржыланып жаткан долбоорго оздүк салым 800,0 (сегиз жүз) миң сом

-К. Акназаров орто мектебинин жылытуу тутумун алмаштырууга өздүк салым 150,0 (бир жүз элүү) миң сом

-А. Мааткеримов орто мектебинин айланасын тосууга өздүк салым 200,0 (эки жүз миң) сом

2. Инвестициялык долбоорлордун иш кагаздарын бүтүрүү, долбоорлорго өздүк салым бөлүнгөндүгү тууралуу иш кагаздарды долбоор сунушталып жаткан мекемелерге тапшыруу жана маалыматтарды берип туруу жагы Чолпон айыл өкмөтүнүн инвестиция тартуу жана сатып алуулар боюнча адиси Дүйшөнбек уулу Максатка тапшырылсын.

 

3. Акча каражатын бөлүп берүү жагы Чолпон айыл өкмөтүнүн каржы экономика бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчи А. Усубалиевге милдеттендирилсин.

 

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чолпон айыл өкмөтүнүн башчысы У. Өмүрбековго тапшырылсын.

 

Төрага

Жумалы уулу Адил