ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII чакырылышынын Чолпон айылдык кеңешинин кезексиз XXII сессиясы
2023-жылдын 4-апрели № 22/9
Керешке участогуна көмөк чордон салууга жер аянтын кароо жөнүндө
Калкты үзгүлтүксүз элеткр энергия менен камсыздоо максатында Чолпон айыл аймагына караштуу Керешке участогуна көмөк чордон куруу зарылчылыгы пайда болгону тууралуу Чолпон айыл өкмөтүнүн башчысы У.Өмүрбековдун маалыматын угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Калкты үзгүлтүксүз элеткр энергия менен камсыздоо максатында Чолпон айыл аймагына караштуу Керешке участогуна көмөк чордон курууга 1 (бир) га жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. Жер аянтын трансформациялоо максатында Кочкор райондук мамлекеттик администрациясына сунушталсын.
3. Жер аянттарын тактоо, иш кагаздарын бүтүрүү жана тийиштүү мекемелерге кайрылуу жагы Чолпон айыл өкмөтүнүн жер турак-жай, коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча адиси Жаныш уулу Ормонго тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чолпон айыл өкмөтүнүн башчысы У.Өмүрбековго милдеттендирилсин.
Төрага | Жумалы уулу Адил |