Редакцияот 04.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Депутаттардын VII чакырылышынын Чолпон айылдык кеңешинин кезексиз XXII сессиясы

2023-жылдын 4-апрели № 22/10

Чолпон айыл аймагына караштуу Керешке аймагын айыл кылууга сунуштоо жөнүндө

Чолпон айыл аймагынын жалпы тургундарынын жер тилкелерин алууда кезекте көп болгондуктан Керешке аймагын айыл кылуу тууралуу Чолпон айыл өкмөтүнүн башчысы У.Өмүрбековдун маалыматын угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Чолпон айыл аймагына караштуу Керешке аймагын айыл кылуу тууралуу жалпы Чолпон айыл аймагынын тургундарынын жер тилкеге болгон муктаждыктарын чечүү, айыл тургундарын жер тилкелери менен камсыз кылуу максатында жана ошондой эле жер тилкелерин алуу үчүн кезекте турган жарандардын көйгөйүн чечүү максатында Керешке аймагы айыл кылуу демилге жактырылсын.

 

2. Керешке аймагындагы 50 (элүү) га жер аянты Кочкор райондук мамлекеттик администрациясына трансформациялоо максатында сунушталсын.

 

3. Керешке аймагынын жер аянттарын тактоо, иш кагаздарын бүтүрүү жана тийиштүү мекемелерге кайрылуу жагы Чолпон айыл өкмөтүнүн жер турак-жай, коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча адиси Жаныш уулу Ормонго тапшырылсын.

 

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чолпон айыл өкмөтүнүн башчысы У.Өмүрбековго милдеттендирилсин.

 

Төрага

Жумалы уулу Адил