Редакцияот 04.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Депутаттардын VII чакырылышынын Чолпон айылдык кеңешинин кезексиз XXII сессиясы

2023-жылдын 4-апрели № 22/13

Узун-Булактан Кырк-Кыз участкасына чейинки аралыкта карьер алуу жана база уюштуруу жөнүндө

Түндүк-Түштүк альтернативалык унаа жолунун курулушунда Узун-Булактан Кырк-Кыз участкасына чейинки аралыкта карьер алуу жана база уюштуруу жөнүндө жол куруу тармагындагы Кытай ишканасынын жетекчисинин кайрылуусунун негизинде жана Чолпон айыл өкмөтүнүн башчысы У. Өмүрбековдун маалыматын угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Узун-Булактан Кырк-Кыз участкасына чейинки аралыкта карьер алууга жана база уюштурууга уруксаат берилсин.

 

2. Мөөнөтү: 2 жыл 7 айга келишимдин негизинде берилсин.

 

2. Ижара акысы жылына 400,0 (төрт жүз миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чолпон айыл өкмөтүнүн башчысы У. Өмүрбековго жана ЖПБ төрагасы Т. Токтомушовго милдеттендирилсин.

 

Төрага

Жумалы уулу Адил