Редакцияот 28.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Сары-Могол айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын кезектеги 1-отуруму

 

2024-жылдын 22-январы № 1/2

Сары-Могол айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 1- январына карата жергиликтүү бюджетинин өздүк кирешесинен 1434,4 (анын ичинен атайын каражат 4,0 мин сом) миң сом калган калдык акча каражатын 2024-жылдын бюджетине иштетүү жөнүндө

Сары-Могол айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджетинин өздүк кирешесинен калган калдык акча каражатын 2024-жылдын бюджетине иштетүү боюнча Сары-Могол айылдык Кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Мурзакулова жана айыл өкмөтүнүн башчысы К.Анарбаевдин билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Сары-Могол айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 1-январына карата 2023-жылдан пайдаланылбай калган 1434,4 миң сом (анын ичинен атайын каражат 4,0 мин сом) калдык акча каражатын 2023-жылдын бюджетиннин киреше жана чыгаша бөлүгүнө кошумча киргизилсин.

2.Айылдык Кенештин отурумунда талкууланган 2024-жылдын 1-январына карата 2023- жылдан пайдаланылбай калган 1434,4 мин сом(анын ичинен атайын каражат 4,0 мин сом) акча каражаты 2024-жылдын бюджетиннин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн сметасына кошумча киргизип берүү жагы Алай финансы башкармалыгынан суралсын.

3.Жогорудагы бекитилген толуктоолорду өз максатында чыгымдоо жагын айыл өкмөт башчысы К.Анарбаевге жана ФЭБ башчысы А.Исмановго милдеттендирилсин.

4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет боюнча комитетинин төайымы Т.Мурзакуловага милдеттендирилсин.

 

Төрага:

Жээнбай уулу М