Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 258 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 28-майы № 273

Мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандап алууну өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин жогорку кесипкөй кадрдык курамын түзүүгө багытталган кадр саясатын камсыз кылуу максатында, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандап алууну өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр белгиленсин:

1) мектепке чейинки билим берүү уюмдарында жалпысынан 5 жана андан көп жыл иштеген жетекчилер ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып ээлеген кызмат ордунан бошотулду деп эсептелет;

2) бошотулган жетекчилер иш берүүчүнүн чечими боюнча жаңы жетекчи дайындалганга чейин өз ыйгарым укуктарын убактылуу аткара алышат жана алар квалификациялык талаптарга шайкеш келсе, башка талапкерлер менен бирге жалпы негизде жетекчинин кызмат ордуна конкурстан өтүүгө укуктуу;

3) конкурстук тандоо мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына жүргүзүлөт;

4) бул токтомдун колдонулушу карамагында мектепке чейинки билим берүү уюмдары бар тиешелүү мамлекеттик органдар менен макулдашуу боюнча ведомстволук мектепке чейинки билим берүү уюмдарына жайылтылат;

5) бул токтомду ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2024-жылга жана кийинки жылдарга каралган борборлоштурулган иш-чараларынын каражаттарынын чегинде ишке ашырылат.

3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги ушул токтомдон келип чыккан тиешелүү чараларды көрсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 31-майындагы №41 (3594) саны менен жарыяланды.

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.Жапаров