Редакцияот 27.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-МУЗ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Муз айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылыштын XХVII сессиясы

2023-жылдын 27-апрели № 27/1

Таза суу трассасын үйгө киргизүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө

Ак-Муз айыл өкмөтүнүн “Ак-Муз өнүгүү” муниципалдык ишканасынын башчысы Б. Алияскаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Үйгө таза суу киргизүү үчүн айыл тургундары “Ак-Муз өнүгүү” муниципалдык ишканасына арыз менен кайрылсын;

2. “Ак-Муз өнүгүү” муниципалдык ишкана тарабынан үйгө таза суу киргизүү үчүн, уруксат берүүгө комиссиянын курамы түзүлсүн;

3. Уруксат берүү комиссиясынын чечими жок үйгө таза суу киргизүүгө тыюу салынсын;

4. Үйгө таза суу киргизүүгө уруксат алуу үчүн 2500 (эки миң беш жүз) сом “Ак-Муз өнүгүү” муниципалдык ишканасынын счетуна төгүлсүн;

5. Суу киргизүүчү түтүкчөлөр (труба) 15 – өлчөмдөн ашпасын;

6. Түтүкчөлөр жаткызылуучу суу трассасы 2,5 метр бийиктиктен кем болбосун;

7. Суу киргизүүдө суу түтүктөрүн кошуп берүү “Ак-Муз өнүгүү” муниципалдык ишканасынын таза суу боюнча иш алып барган кызматкерлерге милдеттендирилсин;

8. Суу киргизүүгө кеткен чыгымдар үй ээсине милдеттендирилсин;

9. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, ak-muz-aimak.kg веб - сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн;

10. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурланбекке тапшырылсын.

 

Төрага:

Адистен уулу К