Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Муз айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылыштын XХVII сессиясы
2023-жылдын 27-апрели № 27/2
Ак-Муз айыл аймагынын аймагындагы айыл чарба жерлерин коруу жөнүндө
Ак-Муз айылдык аймагынын жергиликтүү жааматынын Типтүү уставынын V-глава, 24 - пунктунун 24.6 - 24.7 - бөлүмчөлөрүнө ылайык Ак-Муз айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Муз айыл аймагынын аймагындагы эгин жана чөп чабынды, үлүш жерлерге түшкөн кароосуз калган мал-жандыктардан коруу Ак-Муз айылынын күн батыш тарабындагы Ак-Моюн айыл аймагы менен чектешкен Чек-Ара участкасынан баштап, Ак-Муз айыл аймагынын күн чыгыш тарабындагы Көк-Күмбөз өрөөнүнүн Ак-Муз айыл аймагына тиешелүү болгон бардык жерлерине чейин жүргүзүлсүн;
2. Корукка түшкөн мал-жандыктардын ээлерине протокол түзүү, айып пул салуу жана корукчуларды көзөмөлдөө, ишти уюштуруу кошумча операторго милдеттендирилсин;
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, ak-muz-aimak.kg веб - сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн;
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Ак-Муз өнүгүү” муниципалдык ишканасынын директору Б. Алияскаровго тапшырылсын.
Төрага: | Адистен уулу К |