АК-МУЗ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Муз айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылыштын XХVII сессиясы
2023-жылдын 27-апрели № 27/4
Бороонду өрөөнүндөгү таза суу боюнча эски тосмолорду бузуу жөнүндө
Ак-Муз айыл өкмөтүнүн “Ак-Муз өнүгүү” муниципалдык ишканасынын башчысы Б. Алияскаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Бороонду өрөөнүндөгү таза суу боюнча эски тосмолор бузулсун;
2. Бузулган жабдыктар “Ак-Муз өнүгүү” муниципалдык ишканасынын балансына алынсын;
3. Бузулган жабдыктар керектүү жерлерге (резервуар, парк ж.б)колдонулсун;
4. Бороонду өрөөнүндөгү таза суу боюнча эски тосмолорду бузуу “Ак-Муз өнүгүү” муниципалдык ишканасына милдеттендирилсин;
5. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, ak-muz-aimak.kg веб - сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн;
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурланбекке тапшырылсын.
Төрага: | Адистен уулу К |