Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы № 3456-VI токтому менен бекитилген |
Коммерциялык эмес уюмдардан Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун Координациялык кеңешинин мүчөлүгүнө талапкерлер жөнүндө сунуштарды кароо жана мүчөлөрдү тандоо боюнча жумушчу комиссия тууралуу ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Коммерциялык эмес уюмдардан Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун (мындан ары - Улуттук борбор) Координациялык кеңешинин мүчөлүгүнө талапкерлер жөнүндө сунуштарды кароо жана мүчөлөрдү тандоо боюнча жумушчу комиссияны (мындан ары - жумушчу комиссия) түзүүнүн жол-жобосун жана ишинин тартибин аныктайт.
2. Улуттук борбордун жумушчу комиссиясы өз ишин "Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (мындан ары - Улуттук борбор жөнүндө Мыйзам) ылайык жүзөгө ашырат жана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Жумушчу комиссия Коммерциялык эмес уюмдардан Координациялык кеңештин мүчөлүккө талапкерлер жөнүндө сунуштарды эркиндигинен ажыратуу жана аны чектөө жерлеринде жүргөн адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоого байланыштуу иштерге коммерциялык эмес уюмдардын ишинин ылайыктыгынын жүйөсүнө жана башка коммерциялык эмес уюмдардан келип түшкөн сунуштамаларды кароо максатында түзүлөт.
II. Жумушчу комиссиянын курамы, аны түзүүнүн тартиби
4. Жумушчу комиссия Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тарабынан түзүлөт. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши жумушчу комиссиянын курамын жана мүчөлөрүнүн санын өз алдынча аныктоого укуктуу.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин чечимине ылайык Улуттук борбордун директору, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени), эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана илимий кызматкерлер жумушчу комиссиясынын мүчөлөрү болушу мүмкүн.
5. Жумушчу комиссия 11 мүчөдөн ашпаган санда түзүлөт.
6. Жумушчу комиссиядагы иш коомдук башталыштарда жүзөгө ашырылат. Жумушчу комиссиянын мүчөлөрүнүн жумушчу комиссиянын ишиндеги статусу тең жана кандайдыр бир артыкчылыктарга ээ эмес.
III. Жумушчу комиссиянын ишинин тартиби
7. Жумушчу комиссиянын мүчөлөрүнө, башка адамдарга жыйналыштарды өткөрүүнүн датасы, убактысы жана орду жөнүндө жана чүчү кулак жол-жобосун кабарлоонун маселелерин кошуп алганда жумушчу комиссиянын ишин уюштуруу-техникалык камсыз кылуу Улуттук борбор тарабынан жүзөгө ашырылат.
8. Эгерде ага анын мүчөлөрүнүн бешөө жана андан ашыгы катышса, жумушчу комиссиянын жыйналышы укуктуу болот (кворуму болот). Жумушчу комиссиянын мүчөлөрү тарабынан өз ыйгарым укуктарын башка өкүлдөргө берүүгө жол берилбейт.
9. Жумушчу комиссия чечимдерди кворум болгондо жумушчу комиссиянын жыйналышка катышкандардын ичинен добуштардын жөнөкөй көпчүлүгү менен ачык добуш берүү жолу менен кабыл алат. Добуштардын саны тең болгондо чечим Координациялык кеңештин мүчөлүгүнө талапкердин пайдасына кабыл алынат.
10. Жумушчу комиссиянын жыйналышы ЖМКнын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн кошуп алганда Координациялык кеңештин биринчи курамына мүчөлүккө талапкерлер жөнүндө сунуштарды кароонун жол-жобосун байкоого катышууну каалаган ар кандай адамдар үчүн ачык болуп саналат. Жумушчу комиссиянын жыйналышында көрмө - жана укмажазуу жазууга, ошондой эле байланыштын ар кандай каналдары боюнча түз берүүгө уруксат берилет.
IV. Коммерциялык эмес уюмдардан Координациялык кеңештин мүчөлүгүнө талапкерлерди көрсөтүү
11. Коммерциялык эмес уюмдардан Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин 3 ай мурда, Улуттук борбор Кыргыз Республикасынын расмий басма сөз органдарында жана Улуттук борбордун веб-сайтында Координациялык кеңештин мүчөлүгүнө талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө сунуш менен коммерциялык эмес уюмдарга кайрылуу кулактандырууларын жарыялайт.
12. Талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө кулактандыруулар Улуттук борбор тарабынан жарыяланган күндөн тартып 30 күндөн кечиктирбестен, коммерциялык эмес уюмдар Улуттук борборго Координациялык кеңештин мүчөлүгүнө талапкерлер боюнча сунуштарды кагаз түрүндө жөнөтүүгө тийиш.
Коммерциялык эмес уюм тарабынан кабыл алынган жана анын уюштуруу документтерине ылайык жол-жоболоштурулган тиешелүү чечим юридикалык жактын каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн жана уюмдун Уставынын көчүрмөсү менен бирге Улуттук борборго жиберилет.
13. Уставдык иши кыйноолордон, мамилелердин жана жазанын катаал түрлөрүнөн эркиндикке укуктарды коргоого байланышкан коммерциялык эмес уюм Координациялык кеңештин мүчөлүгүнө бир талапкер көрсөтүүгө укуктуу. Улуттук борбор жөнүндө мыйзамда белгиленген учурларда көрсөтүлгөн талапкер четке кагылганда, коммерциялык эмес уюм документтерди кабыл алуунун мөөнөтү аяктаганга чейинки мезгилде башка талапкерди көрсөтүүгө укуктуу. Коммерциялык эмес уюм документтерди кабыл алуу аяктаганга чейинки мезгилде документтерди берүүгө, мурда берилген документтерди толуктоого жана/же аларга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу.
14. Коммерциялык эмес уюмдардан Координациялык кеңештин мүчөлүгүнө талапкерлерге Улуттук борбор жөнүндө Мыйзамдын 8-беренесине ылайык Улуттук борбордун кызматкерлерине карата талаптар коюлат. Координациялык кеңештин мүчөлүгүнө талапкерлер болуп төмөнкүлөр көрсөтүлүшү мүмкүн эмес:
1) жумушчу комиссиянын курамында болгон адамдар;
2) иштеп жаткан судьялар, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлери болуп саналган адамдар;
3) эркиндиги чектелген жерлерде (жашы жетпегендер, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар, жин оорулуулар ж.у.с. сыяктуу өзгөчө жармач топтор көп топтолгон жерлерде) иштеген адамдар;
4) кылмыштарды жасагандык үчүн соттуулугу барлар.
15. Коммерциялык эмес уюмдан көрсөтүлгөн талапкер төмөнкү талаптарга ылайык келүүгө тийиш:
1) жөндөмдүү адам болууга;
2) Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналууга;
3) жогорку билими болууга;
4) юрист, педагог, врач, психолог, психиатр, социалдык кызматкер болуп иш жүзүндө иштөөнүн тажрыйбасы, ошондой эле мигранттар, жашы жетпегендер, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар сыяктуу коомдун жармач топтору менен, этностук жана тилдик азчылыктар менен иштөөнүн тажрыйбасы болууга;
5) эркиндигинен ажыратуу жана аны чектөө жерлерин башкарууда жана аларды контролдоону жүзөгө ашырууда кесипкөй тажрыйбасы же эркиндигинен ажыратуу жана аны чектөө жерлеринин мониторингин жүргүзүүнүн тажрыйбасы болууга.
16. Улуттук борбордун Координациялык кеңешинин курамына мүчөлүккө талапкерди көрсөтүү жөнүндө коммерциялык эмес уюмдун чечимине төмөнкүлөр тиркелет:
1) талапкердин паспортунун көчүрмөсү;
2) жогорку окуу жайын бүтүргөндүгү жөнүндө дипломдун көчүрмөсү;
3) иштин тиешелүү тажрыйбасын ырастоочу эмгек китепчесинин барактарынын көчүрмөсү же болбосо ал тажрыйбанын бар экендигин ырастаган коммерциялык эмес уюмдун каты;
4) юридикалык жакты жана уюмдун Уставын каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
5) коммерциялык эмес уюмдан көрсөтүлгөн талапкер тарабынан акыркы 5 жылдын ичинде кыйноолордун жана катаал мамиленин курмандыктарын коргоонун юрисдикциялык ыкмаларын пайдаланылышынын документ түрүндөгү ырастамасы - кыйноолордун жана катаал мамиленин фактылары боюнча укук коргоо органдарында катталган кайрылуунун көчүрмөсү же болбосо кыйноолордун жана катаал мамиленин фактысы боюнча жазык ишин козгоодон баш тартууну талашуу жөнүндө арыз;
6) акыркы 5 жыл ичинде эркиндигинен ажыратуу жана аны чектөө жерлеринин мониторинги боюнча коммерциялык эмес уюмдун отчетунун көчүрмөсү;
7) башка коммерциялык эмес уюмдардан эки сунуштамадан кем эмес.
Ушул Жобо менен талап кылынган документтердин түп нускалары талапкерлер тарабынан жумушчу комиссиянын мүчөлөрүнө анын жыйналышында текшерүү үчүн берилет.
17. Документтерди кабыл алуу, сактоо жана каттоо Улуттук борбор тарабынан жүзөгө ашырылат. Документтерди каттагандан кийин Улуттук борбор чабарманга же болбосо, эгерде документтер почта менен келип түшсө, документтердеги берген коммерциялык эмес уюмдун дарегине кабыл алынган документтердин датасын, ыйгарылган каттоо номерин, тизмегин жана келип түшкөн документтердин барагынын жалпы санын көрсөтүү менен маалымдама жөнөтөт.
18. Улуттук борбор Координациялык кеңештин мүчөлүгүнө талапкерлер жөнүндө сунуштарды кароого, ошондой эле документтерди, анын ичинде берилген документтерде талапкерлерге, тизмекке жана мазмунга карата ушул Жобонун талаптарынын берип жаткан коммерциялык эмес уюм тарабынан сакталбаган учурларда документтерди кабыл алуудан баш тартууга укуксуз.
19. Улуттук борбор тиешелүү мамлекеттик органдардан талапкерлердин соттолгондугунун бардыгы жөнүндө маалыматтарды суратып алат, ошондой эле коммерциялык эмес уюмдардан Координациялык кеңештин мүчөсүнүн кызмат ордуна талаптанган адамдарга карата коюлуучу талаптарга алардын ылайык келүүсүн билүүгө талапкерлер жөнүндө маалыматтарды алдын ала текшерүүнү жүргүзөт.
V. Коммерциялык эмес уюмдардан Координациялык кеңештин мүчөлүгүнө талапкерлер жөнүндө сунуштарды кароонун тартиби
20. Жыйналыш башталган учурдан тартып Улуттук борбор жумушчу комиссиянын мүчөлөрүнө коммерциялык эмес уюмдардан келип түшкөн алар тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлердин документтерин, талапкерлердин соттолгондугунун бардыгы жөнүндө материалдарды, ошондой эле коммерциялык эмес уюмдардан Координациялык кеңештин мүчөсүнүн кызмат ордуна талаптанган адамдарга карата коюлуучу талаптарга алардын ылайык келүүсүн билүүгө талапкерлер жөнүндө маалыматтарды берет.
21. Жумушчу комиссия талапкерлердин документтерин алар Улуттук борборго келип түшкөн тартипте карайт жана талапкерге чүчү кулак жол-жобосуна жол берүү же жол бербөө жөнүндө чечим кабыл алат. Жумушчу комиссиянын мүчөлөрүнүн талапкерлердин, ошондой эле берилген документтердин тизмегинин жана мазмунунун ушул Жобо менен коюлган талаптарга ылайык келерлиги жөнүндө пикирлери протоколго киргизилет, ал Улуттук борбор тарабынан жүргүзүлөт.
22. Жыйналыштын протоколуна жумушчу комиссиянын жыйналышына катышкан жумушчу комиссиянын мүчөлөрү кол коет. Уюштуруу боюнча документтер Улуттук борбордун архивинде сакталат. Протоколдун көчүрмөсү ага кол коюлгандан кийин Улуттук борбордун веб-сайтына илинет жана таанышуу же көчүрүп алуу үчүн кимге болсо да берилиши мүмкүн.
23. Координациялык кеңештин мүчөлүгүнө талапкерге ал Улуттук борбор жөнүндө Мыйзам менен каралган коюлган талаптарга, ошондой эле берилүүчү документтерге карата ушул Жобонун талаптарына ылайык келген учурда жумушчу комиссиянын чечими менен чүчү кулак жол-жобосуна жол берилет.
24. Эгерде кворум болгондо ал үчүн жумушчу комиссиянын жыйналышына катышкандардын ичинен жөнөкөй көпчүлүк добуш берсе, талапкерге чүчү кулак жол-жобосуна жол берүү жөнүндө чечим кабыл алынды деп эсептелет. Добуштардын саны тең болгондо талапкерге да чүчү кулак жол-жобосуна жол берилди деп эсептелет.
25. Чүчү кулак жол-жобосу Улуттук борбор аныктаган жерде жүзөгө ашырылат.
26. Улуттук борбор Координациялык кеңештин мүчөлүккө талапкерди көрсөткөн, ошондой эле талапкерлердин чүчү кулак жол-жобосуна жол берилген ар бир коммерциялык эмес уюмдан бирден өкүлдү чүчү кулак жол-жобосуна чакырат.
27. Чүчү кулак жол-жобосу башталардын алдында Улуттук борбордун директору коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүнө Координациялык кеңештин мүчөлүккө көрсөтүлгөн талапкерлердин жалпы саны жөнүндө, четке кагуунун жүйөөлөрүн көрсөтүү менен чүчү кулак жол-жобосу жол берилген жана жол берилбеген талапкерлер тууралуу маалымдайт.
28. Чүчү кулак жол-жобосу жол берилген талапкерлердин фамилиялары эч кандай белгиси жок бирдей конверттерге чапталып бекитилип, шайлоо үкөгүнө салынат жана аралаштырылат. Бул жол-жобонун алдында жумушчу комиссиянын жыйналышына катышкан жана шайлоо процессин байкап турган бардык адамдарга анда ар кандай башка буюмдардын жок экендигинин жүйөөсүнө көрсөтүлөт. Чүчү кулак жол-жобосу жол берилген талапкердин фамилиясы жана аты-жөнү бар конверттин шайлоо үкөгүнө салынган башка конверттерден кандайдыр бир айырмасы болбоого тийиш.
29. Улуттук борбордун директору тарабынан үкөктөн алынып чыккан конвертте фамилиясы бар талапкер коммерциялык эмес уюмдардан Координациялык кеңештин мүчөлүгүнө шайланды деп эсептелет. Шайланган талапкердин фамилиясы жана аты-жөнү үкөктөн конвертти алып чыккандан кийин дароо көпчүлүккө жарыяланат. Алып чыгуу жана Координациялык кеңештин мүчөлүгүнө шайланган биринчи сегиз талапкерди жарыялоо жол-жобосу аяктагандан кийин калган конверттер да шайлоо үкөгүнөн алынып чыгылат. Калган конверттердин саны көпчүлүктүн көзүнчө эсептелип, конверттер ачылат жана аларда камтылган талапкерлердин фамилиясы, аты-жөнү көпчүлүктүн көзүнчө жарыяланууга жана Жумушчу комиссиянын жыйналышынын протоколдору менен салыштырылууга жатат.
30. Эгерде Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн бош кызмат орундарына коммерциялык эмес уюмдардан талапкерлердин саны талапкерлер четке кагылгандан кийин бош орундардын санына барабар болсо, анда алардын баары Координациялык кеңештин мүчөлүгүнө шайланды деп эсептелет.
31. Эгерде Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн бош кызмат орундарына коммерциялык эмес уюмдардан талапкерлердин саны талапкерлер четке кагылгандан кийин бош орундардын санынан аз болуп калса, анда ушул Жобо менен белгиленген эрежелерге ылайык кошумча сынак өткөрүлөт.
32. Координациялык кеңештин мүчөлүгүн чүчү кулак жол-жобосуна катышуу үчүн коммерциялык эмес уюмдардан көрсөтүлгөн талапкерлер жөнүндө сунуштарды кароонун натыйжалары, ошондой эле чүчү кулактын натыйжалары Улуттук борбордун расмий веб-сайтына жарыяланууга тийиш.
VI. Коммерциялык эмес уюмдардан Координациялык кеңештин мүчөсүнүн ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда коммерциялык эмес уюмдардан Координациялык кеңештин мүчөлүгүнө талапкерлерди көрсөтүү тартиби
33. Коммерциялык эмес уюмдардан Координациялык кеңештин мүчөсүнүн ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда, Улуттук борбор 10 күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын расмий басма сөз органдарында жана Улуттук борбордун веб-сайтында Координациялык кеңештин мүчөлүгүнө талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө сунуш менен коммерциялык эмес уюмдарга кайрылуу кулактандырууларын жарыялайт. Талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө кулактандыруулар жарыяланган күндөн тартып 30 күндөн кечиктирбестен, коммерциялык эмес уюмдардан Координациялык кеңештин мүчөлүгүнө талапкер жөнүндө сунуштарды кабыл алууну уюштурат. Талапкер жөнүндө сунуштарды кароо жана алардын маалыматтарын текшерүү, ошондой эле Координациялык кеңештин мүчөлөрүн шайлоо боюнча жумушчу комиссиясынын жыйындарын уюштуруу Улуттук борбор жөнүндө Мыйзамга жана ушул Жобого ылайык жүзөгө ашырылат.