Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 22-майы № 261
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-апрелиндеги № 208 "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-апрелиндеги № 208 "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пункттун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 2-пунктта:
- экинчи абзац "жумушсуз" деген сөздөн кийин "жана жумуш издеген" деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасында кесиптик багыт берүү жөнүндө жобо 7-тиркемеге ылайык.":
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жумушсуз жарандарды кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу жөнүндө жобо ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
4) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Акы төлөнүүчү коомдук жумуштарды уюштуруу жөнүндө жободо:
- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Акы төлөнүүчү коомдук жумуштар төмөнкү багыттар боюнча ишке ашырылат:
1) мектептерди, бала бакчаларды, китепканаларды, саламаттык сактоо, социалдык коргоо, маданият жана спорт мекемелерин оңдоо;
2) калкты каттоо, социологиялык иликтөөлөр;
3) социалдык-маданий багыттагы объекттерди архитектуралык эстеликтерди, музейлерди, комплекстерди реконструкциялоо;
4) аймактарды жашылдандыруу жана көрктөндүрүү, токой парк чарбасын, эс алуу жана туризм зоналарын өнүктүрүү;
5) суу түтүктөрүн, газ, канализация жана башка коммуникацияларды оңдоо жана калыбына келтирүү, жолдорду, көпүрөлөрдү оңдоо;
6) мезгилдүү айыл чарба жана ирригациялык жумуштарды, токой чарбасындагы жумуштарды, жээктерди бекемдөө жумуштарын жүргүзүү;
7) алыскы аймактардын иш менен камсыз болбогон калкын тейлөө (агенттер катарында);
8) өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча иштер;
9) техникалык жана сметалык экспертизаларды жүргүзүү;
10) эмгек ишинин башка багыттары.";
- 5-пунктта:
биринчи абзац "администрациялар," деген сөздөн кийин "жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдары," деген сөздөр менен толукталсын;
экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Акы төлөнүүчү коомдук жумуштар туруктуу жумуштарды алмаштырбастан, убактылуу же сезондук мүнөздөгү иштерди аткарууда уюмдардын муктаждыктарын ишке ашыруу үчүн уюштурулат.";
төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Акы төлөнүүчү коомдук иштерди уюштурууга үчүнчү (же андан көп) тең каржылоочу тарап катышкан учурда, бул учурда үч тараптуу (же көп тараптуу) келишим түзүлөт.";
- 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Расмий жумушсуз жана жумуш издеген жарандарды ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрү расмий жумушсуз жана жумуш издеген жарандардын катталган жерине карабастан жыл ичинде 6 айдан ашпаган жалпы узактыкта акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга жибериши мүмкүн.
Акы төлөнүүчү коомдук жумуштар линиясы боюнча алыскы аймактардагы жумушсуз калкты тейлөө үчүн 10 айлык мөөнөткө агенттер тартылат. Агенттерди тартуунун жана иштөөнүн тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.";
- 9-пункттун экинчи абзацы "жумушсузга" деген сөздөн кийин "жана жумуш издеген жарандарга" деген сөздөр менен толукталсын;
- 10-пунктта:
биринчи абзацта "адамдар" деген сөз "жумушсуз жана жумуш издеген жарандар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
экинчи абзац "Жумушсуз" деген сөздөн кийин "же жумуш издеген жаран" деген сөздөр менен толукталсын;
- 13-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13. Иш берүүчү тарабынан акы төлөнүүчү коомдук иштердин ар бир катышуучусуна аткарылган иштин көлөмү аныкталат жана аяктагандан кийин аткарылган иштин актысы түзүлөт. Эмгек акы мөөнөттүү эмгек келишиминин негизинде иш жүзүндө аткарылган жумуш үчүн жүргүзүлөт, анда аткарылган жумуш (кызмат көрсөтүү) үчүн акы төлөө каралат.
Иш берүүчү аткарылган иштердин актысынын бирден нускасын, ошондой эле мөөнөттүү эмгек келишиминин көчүрмөсүн ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшүнө жана башка катышуучуларга берет.";
- 19-пунктта:
"жумушсуз" деген сөздөн кийин "же жумуш издеген" деген сөздөр менен толукталсын;
"жана иш жүзүндө иштеген убактысын эсепке алуу табели" деген сөздөр алып салынсын;
- 20-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"20. Акы төлөнүүчү коомдук жумуштарда иштеген жумушсуз жана жумуш издеген жарандарга ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшү тарабынан иш жүзүндө аткарган иши үчүн жумушсуздук боюнча базалык жөлөкпулдун 6 эсесине чейинки өлчөмдө эмгек акы кепилденет, ал эми кошумча сумма иш берүүчү (жана/же кошо каржылоочу тарап) тарабынан төлөнөт.";
- 22-пункт "жумушсуздун" деген сөздөн кийин "же жумуш издеген жарандын" деген сөздөр менен толукталсын;
- 23-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"23. Ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшү жана иш берүүчүлөр жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен активдүү катышканда жана макулдашканда ушул Жобонун 2-пунктунда көрсөтүлгөн багыттар боюнча долбоорлорду демилгелей жана ишке ашыра алат.
Ар бир учурдагы жылдын башында аймактык бөлүнүшү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары жана башка иш берүүчүлөр менен биргеликте, ошондой эле жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен консультациялык жолугушууларды өткөрөт жана акы төлөнүүчү коомдук жумуштардын болжолдуу жылдык көлөмүн аныктайт.";
- 27-пункт "жумушсуздардын" деген сөздөн кийин "жана жумуш издеген жарандардын" деген сөздөр менен толукталсын;
- 28-пункт төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: "Иш берүүчү материалдык чыгымдарга тиешелүү ырастоочу документтерди ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрүнө берет.";
29-пунктта "Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин" деген сөздөр алып салынсын;
- 30-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"30. Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, ошондой эле ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрү акы төлөнүүчү коомдук жумуштардын натыйжалуулугуна жана максатка ылайыктуулугуна мониторинг жана талдоо жүргүзөт.
Мындан тышкары калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча аймактык бөлүнүштөрү тарабынан расмий жумушсуздардын жана жумуш издеген жарандардын акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга катышуусуна жана иш берүүчүлөр менен эмгек келишимдеринин түзүүсүнө тандалма контроль жүргүзүлөт.";
- 5-глава төмөнкүдөй мазмундагы 33-пункт менен толукталсын:
"33. Иш берүүчү үч тараптуу (же көп тараптуу) келишим боюнча ишти уюштуруу жана аткаруу үчүн жоопкерчилик тартат.
Тараптардын ортосундагы үч тараптуу (же көп тараптуу) келишимди аткарууда, өзгөртүүдө же бузууда келип чыккан талаш-тартыштар сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет, ал эми макулдашууга жетишилбеген учурда Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык каралат.";
5) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жумушсуздук боюнча жөлөкпулдарды төлөө тартиби, шарттары жана мөөнөттөрү жөнүндө жободо:
- 4-пунктта "үзгүлтүксүз" деген сөз "суммардык" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 5-пунктта "берилгенде" деген сөз "маалыматтарга ылайык" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 8-пунктта "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 9, 10-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9. Расмий жумушсузга жөлөкпул төлөө жана жумуш издөө жөнүндө маалыматтарды (декларация) алуу үчүн калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген каттоо формасы толтурулат.
10. Расмий жумушсуз жумушка орношуу үчүн активдүү аракеттенүүгө жана ай сайын ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшүнө жумуш издегендиги тууралуу маалыматты (декларацияны) берүүгө милдеттүү.";
- 14-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14. Жумушсуздук боюнча жөлөкпул жумуш издөө тууралуу маалыматтарды (декларацияларды) өз убагында тапшырган учурда ай сайын төлөнөт.
Жумуш издөө жөнүндө маалыматта (декларацияда) уюмдун же мекеменин аталышы жана дареги көрсөтүлүп, мөөр басуу менен ырасталган жумуш издөө жөнүндө маалымат чагылдырылууга тийиш.";
- 15-пункттун биринчи абзацы "ашык" деген сөздөн кийин "камсыздандыруу" деген сөз менен толукталсын;
- 16-пункт "формасы боюнча" деген сөздөрдөн кийин "камсыздандыруу" деген сөз менен толукталсын;
- 17, 18-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"17. Жумушсуз ооруп калган жана жумуш издөө жөнүндө маалыматтарды берүү мүмкүн болбогон учурда (алар декларацияны толтуруу), ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшү тарабынан жумушсуздук боюнча жөлөкпулду төлөө белгиленген үлгүдөгү медициналык мекемеден ырастоочу документти көрсөткөндө жүргүзүлөт.
Ооруга байланыштуу убактылуу эмгекке жарамсыздыкты төлөө мезгили жумушсуздук боюнча жөлөкпул алган мезгилге кирет, бирок жалпы мөөнөттү узартпайт.
18. Жумушсуз аял ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшүнө кош бойлуулук жана төрөт боюнча медициналык корутунду бергенде жумушсуздук боюнча жөлөкпул төлөө токтотулуп турат. Ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшүнө кайрылганда жумушсуздук боюнча жөлөкпулдун калган бөлүгүн кайра алуу укугу сакталат.
Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул алуу мезгили жумушсуздук боюнча жөлөкпулдун жалпы мезгилине эсептелбейт. Расмий жумушсуз аял кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүдө болгон бүткүл мезгил үчүн ал өзүнүн каалоосун кошпогондо, каттоо эсебинен чыгарылбайт.";
- 3-глава төмөнкүдөй мазмундагы 18-1-пункт менен толукталсын:
"18-1. Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам алган расмий жумушсуз социалдык контракт түзүлгөн күндөн тартып 3 ай өткөндөн кийин эсепке алуудан чыгарылат жана каттоо эсебинен чыгарылганга чейин жумушсуздук боюнча жөлөкпул алууга укуктуу.";
- 22-пунктун төртүнчү абзацы "Республикасынын" деген сөздөн кийин "пенсиялык" деген сөз менен толукталсын;
- 29-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
6) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жарандарды жумушсуз же жумуш издөөчү катары каттоо тартиби ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
7) ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык редакцияда 7-тиркеме менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Бул токтомду ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги үчүн бекитилген штаттык бирдиктин жана республикалык бюджетте тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
"Жумушсуз жана жумуш издеген жарандарды кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жумушсуз жана жумуш издеген жарандарды кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) расмий жумушсуз жана жумуш издеген жарандарды кесиптик даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну уюштуруунун Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагындагы бирдей тартибин жана шарттарын аныктайт.
2. Расмий жумушсуздарды жана жумуш издегендерди кесиптик даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну уюштуруу Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарынын базасында же квалификацияны жогорулатуу боюнча окутуучу тренерлерди тартуу менен калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) тарабынан жүргүзүлөт.
2-глава. Кесиптик даярдоого, кайра даярдоого жана квалификациясын жогорулатууга жиберүүнүн жана уюштуруунун шарттары
3. Расмий жумушсуз жана жумуш издеген жарандарды кесиптик даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну уюштуруу төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) кадрларды даярдоодо жана квалификацияны жогорулатууда эмгек рыногундагы муктаждыкты аныктоо;
2) расмий жумушсуз жана жумуш издеген жарандардын арасында окутууга жана квалификацияны жогорулатууга болгон муктаждыкты аныктоо;
3) билим берүү уюмдарын жана квалификацияны жогорулатуу боюнча окутуучу тренерлерди тандоо;
4) расмий жумушсуз жапа жумуш издеген жарандарды кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу үчүн келишимдерди түзүү;
5) расмий жумушсуз жана жумуш издеген жарандарды кесиптик даярдоого, кайра даярдоого жана квалификациясын жогорулатууга жиберүү;
6) расмий жумушсуз жана жумуш издеген жарандарды кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу системасын каржылоо;
7) кесиптик даярдоодон, кайра даярдоодон жана квалификациясын жогорулатуудан өткөн адамдарды сертификациялоо;
8) окутууну контролдоо;
9) окутуу боюнча мониторинг жүргүзүү, ишти талдоо жана статистикалык отчеттуулук.
Окутууга болгон муктаждык жумушчу күчүнө болгон суроо-талапты жана сунушту талдоонун негизинде эсептелет.
4. Ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрү тарабынан билим берүү уюмдарын тандоодо төмөнкүлөр каралат:
1) регионалдык эмгек рыногунда расмий жумушсуз жана жумуш издеген жарандарды тандап алган кесибине окутуучу билим берүү уюмдарын издөө;
2) көп профилдүү окутууну камсыздоо үчүн окутуунун зарыл болгон жабдуулары, тренажерлор, техникалык каражаттар, көрсөтмө куралдар менен жабдылган билим берүү уюмунун кесиптик багытына ылайык билим берүү уюмунда окутуу кабинеттерин, лабораторияларды, устаканаларды, полигондорду камтыган окуу-өндүрүштүк базасынын болушу;
3) квалификациялуу окутуучу курам;
4) окутуунун оптималдуу наркы жана мөөнөттөрү;
5) эмгек рыногунда талап кылынган актуалдуу окутуу сунуштары.
5. Ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрү тарабынан квалификацияны жогорулатуу боюнча окутуучу тренерлерди тандоодо төмөнкүлөр каралат:
1) жумушсуз жана жумуш издеген жарандарды окутуу жана алардын квалификациясын жогорулатуу максатында регионалдык эмгек рыногунда квалификациялуу тренерлерди издөө;
2) тренерлерде окутуунун техникалык каражаттарынын жана көрсөтмө куралдарынын болушу;
3) окутуунун оптималдуу наркы жана мөөнөттөрү;
4) эмгек рыногунда талап кылынган актуалдуу окутуу сунуштары.
6. Ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрү расмий жумушсуз жана жумуш издеген жарандарды окутуу (квалификациясын жогорулатуу) үчүн билим берүү уюмдары (окутуучу тренерлер) менен бир жылдык мөөнөткө келишим түзөт.
7. Расмий жумушсуз жана жумуш издеген жарандарды кесиптик окутуу топтук жана жеке формада жүргүзүлүшү мүмкүн.
Топтук даярдоодо теориялык окутуу окуу тобунда, ал эми өндүрүштүк окутуу окуу жайдын ал үчүн агайын түзүлгөн окуу-өндүрүштүк базасында, ошондой эле ишканалардын жумуш орундарында (макулдашуу боюнча) жүргүзүлөт.
Жеке даярдоодо окуучу теориялык курсту өз алдынча жана окутуучунун консультациясы менен окуйт, ал эми өндүрүштүк окутуу устаттын же квалификациялуу жумушчу-инструктордун жетекчилигинин алдында жумуш ордунда өткөрүлөт.
Окутуунун топтук формасы үчүн ар бир окуу топторун 3төн кем эмес жана 20дан ашпаган санда комплекттөө сунушталат.
8. Расмий жумушсуз жана жумуш издеген жарандарды окутуу мөөнөтү алардын кесиптик деңгээлин, өндүрүштүк тажрыйбасын, кесипти өздөштүрүүнүн татаалдыгын эске алуу менен, бирок 5 айдан ашпаган мөөнөткө ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрү менен макулдашуу аркылуу окутууну өз базасында жүргүзгөн билим берүү уюмдары тарабынан белгиленет.
9. Расмий жумушсуз жана жумуш издеген жарандарды окутуунун режими билим берүү уюмдары тарабынан белгиленет жана ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрү менен макулдашылат.
10. Расмий жумушсуз жана жумуш издеген жарандарды окутууга болгон муктаждык жеке кесиптик багыт берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн натыйжасында аныкталат. Жумушсуз жана жумуш издеген жаранга кесиптик даярдоонун, кайра даярдоонун жана квалификациясын жогорулатуунун алар үчүн мүмкүн болгон жана жеткиликтүү бир нече варианттары сунушталууга тийиш, алардын ичинен ылайыктуусу тандалгандан кийин окууга жолдомо берилет.
11. Ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрү тарабынан расмий жумушсуз жана жумуш издеген жаранга окууга (квалификациясын жогорулатуу) жолдомо берилет, ал эми билим берүү уюмдары (окутуучу тренерлер) бул жолдомонун негизинде аларды окууга кабыл алуу жөнүндө чечим чыгарат.
12. Ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрү:
1) маалымат, консультация берүү, ошондой эле расмий жумушсуздарды жана жумуш издеген жарандарды кесиптик даярдоого, кайра даярдоого жана квалификациясын жогорулатууга жиберүү боюнча иштерди жүргүзөт;
2) билим берүү уюмдары менен кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу маселелери боюнча окутуучу тренерлер менен өз ара аракеттенет;
3) расмий жумушсуз жана жумуш издеген жарандарды кийин жумуш менен камсыз кылуу перспективасы менен аларды кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу мүмкүнчүлүктөрү предметине консультация берет;
4) расмий жумушсуз жана жумуш издеген жарандарды кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча коюлган талаптарга жооп берген билим берүү уюмдары жана окутуучу тренерлер менен келишимдерди түзөт;
5) окутуудан өткөн расмий жумушсуз жана жумуш издеген жарандардын ишке орношуусуна мониторинг, окутуунун жана квалификациясын жогорулатуунун натыйжалуулугуна баалоо жүргүзөт;
6) билим берүү уюмдары же окутуучу тренерлер менен түзүлгөн окутуу жөнүндө келишимге ылайык расмий жумушсуздарды жана жумуш издеген жарандарды окутуу курстарын каржылайт;
7) расмий жумушсуз жана жумуш издеген жарандарды эсепке алуу мезгилинин алкагында 1 жолудан ашык эмес кесиптик даярдоого, кайра даярдоого жана квалификациясын жогорулатууга жиберет.
3-глава. Кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу мезгилинде стипендияларды төлөө тартиби жана мөөнөттөрү
13. Ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшү жиберген кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу мезгилинде расмий жумушсузга жумушсуздук боюнча базалык жөлөкпулдан 20 пайызга көбөйтүлгөн өлчөмдө стипендия төлөнөт.
Ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрү окутууга, кайра окутууга жиберген жумуш издеген жарандарга жумушсуздук боюнча базалык жөлөкпулдун өлчөмүндө стипендия төлөнөт.
Айрым учурларда, кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу мезгилинде жумушсуздарга жана жумуш издегендерге бюджеттен тышкаркы каражаттардын эсебинен ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган өлчөмдө кошумча стипендия (анын ичинде окутуу үчүн алмашууга азык-түлүк түрүндө) төлөнүшү мүмкүн.
14. Ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрү окуп жаткандардын жетишкендиктери жана катышуусу жөнүндө өз убагында (көрсөтүлгөн мөөнөттөн 5 жумуш күндөн кечиктирбестен) берилген маалыматтардын (билим берүү уюмдары жана окутуучу тренерлер) негизинде ай сайын стипендия кошуп эсептейт жана төлөйт.
15. Стипендия төлөө төмөнкүдөй учурларда токтотулат:
1) окутуу (квалификацияны жогорулатуу) мөөнөтү аяктаганда;
2) окуп жаткандар окуган жеринен чыгарылганда;
3) окуп жаткандар окуусун өз алдынча токтоткондо;
4) ишке орноштуруу жөнүндө анык эмес (жалган) маалыматтар үчүн.
4-глава. Окутууга чек берүүнү ишке ашыруу механизми
16. Ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрүндө расмий жумушсуз катары катталышы окутууга чек алуу үчүн негиз болуп саналат.
17. Окутууга чек берүүнү ишке ашыруу төмөнкүдөй иш-аракеттерди камтыйт:
1) локалдуу эмгек рыногундагы муктаждыкты эске алуу менен окутууга чек берүү боюнча курстардан өтүү зарылдыгын аныктоого расмий жумушсуз жаран менен жумушсуз жарандардын арасынан окутуу үчүн топторду түзүү мүмкүнчүлүгү жана локалдуу эмгек рыногунда билим берүү уюмдары жок болгон шартта консультациялык иштерди өткөрүүнү;
2) белгилүү бир мезгилде жумушсуз жарандын колуна окутуу үчүн чекти берүүнү, анын аралыгында расмий жумушсуз билим берүү уюмун өз алдынча тандап алышы зарыл;
3) билим берүү уюмдары тарабынан ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрүнө билим берүү кызматтарын көрсөтүүгө укук берүүчү лицензиянын көчүрмөсүн тиркөө менен расмий жумушсузду окутууга кабыл алуу жөнүндө документтерди берүүнү;
4) ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрү тарабынан окутуу үчүн акча каражаттарын окуу башталганда 50 пайыз өлчөмүндө жана окуу аяктагандан кийин 50 пайыз өлчөмүндө которууну.
Билим берүү уюмдары расмий жумушсуз окуусун аяктагандан кийин ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрүнө окутуу аяктагандыгы тууралуу билдирет.
5-глава. Кесиптик даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну уюштурууну каржылоо
18. Ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрүндө катталган расмий жумушсуз жана жумуш издеген жарандарды кесиптик даярдоого, кайра даярдоого жана квалификациясын жогорулатууга чыгымдарды каржылоо республикалык бюджеттен ушул максаттарга каралган каражаттардын эсебинен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын эсебинен ишке ашырылат.
Расмий жумушсуз жана жумуш издеген жарандарды кесиптик даярдоого, кайра даярдоого жана квалификациясын жогорулатууга чыгымдар чыгымдардын сметасына ылайык төлөнөт.
Каржылоо шарттары ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрү менен билим берүү уюмдарынын (окутуучу теренерлердин) ортосундагы келишим менен аныкталат.
Жумушсуз жана жумуш издеген жарандарды кесиптик даярдоого, кайра даярдоого жана квалификациясын жогорулатууга чыгымдарды каржылоого кошо каржылоочу тарап катышкан учурда, каржылоонун шарттары ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрүнүн, билим берүү уюмдарынын (окутуучу тренерлердин) жана кошо каржылоочу тараптын ортосундагы келишим менен аныкталат.
6-глава. Кесиптик даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну контролдоо жана сапатын камсыз кылуу
19. Расмий жумушсуз жана жумуш издеген жарандарды кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу системасын башкаруу ыйгарым укуктуу орган тарабынан ишке ашырылат.
20. Ыйгарым укуктуу орган:
1) кесиптик окутуунун негизги багыттарын өз убагында негиздүү тандоо максатында республика боюнча жумуш орундарынын түзүмүнүн өзгөрүшүнө, жумушсуз жарандардын санына жана кесиптик-квалификациялык курамына талдоо жүргүзөт жана болжолдойт;
2) расмий жумушсуз жана жумуш издеген жарандарды кесиптик даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну уюштурууда ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрүнүн иштерин координациялайт, аларга уюштуруучулук жана методикалык жактан жетекчилик кылат;
3) кесиптик даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну каржылоонун көлөмүн аныктайт.
21. Ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрү өзүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында:
1) айына бир жолудан кем эмес окуунун сапатын, окуп жаткандардын катышуусун контролдойт;
2) кесиптик даярдоодон, кайра даярдоодон жана квалификациясын жогорулатуудан өткөн адамдарды аттестациялоо боюнча билим берүү уюмдарынын квалификациялык комиссияларына катышат;
3) белгиленген мөөнөттө статистикалык отчетту түзөт жана ыйгарым укуктуу органга берет.
22. Расмий жумушсуз жана жумуш издеген жарандарды окуткан билим берүү уюмдары (окутуучу тренерлер):
1) окуу процесси жана окуунун сапаты үчүн жооп берет;
2) ай сайын ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрүнө окуп жаткандардын катышуусу тууралуу маалымат (табель) берет;
3) кесиптик окутууну же квалификациясын жогорулатууну ийгиликтүү аяктаган расмий жумушсуз жана жумуш издеген жарандарга квалификация ыйгаруу менен сертификат тапшырат.".
|
| 2-тиркеме |
"Жарандарды жумушсуз же жумуш издөөчү катары каттоо ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жарандарды жумушсуз же жумуш издөөчү катары каттоо тартиби (мындан ары - Тартип) "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан жана жарандарды жумушсуз же жумуш издөөчү катары каттоо тартибин аныктайт.
2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жеке өзү же Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында жеке кабинети аркылуу, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын порталында жумушсуз же жумуш издөөчү катары кайрылган жарандарды каттоо жашаган жери, турган жери же калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүшүнө (мындан ары - ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшү) кайрылган жери боюнча жүргүзүлөт.
2-глава. Жумушсуз же жумуш издеген жарандар катары каттоонун шарттары жана тартиби
3. Жумуш издеген адам катары каттоо үчүн жаран ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшүнө төмөнкү документтерди көрсөтөт:
1) паспорт:
- Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн - паспорт (ID-карта);
- Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандар үчүн тышкы миграция чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилген жашап турууга уруксат;
- качкындын расмий статусуна ээ болгон жарандар үчүн - качкындын күбөлүгү;
- кайрылмандын расмий статусуна ээ болгон адамдар үчүн кайрылмандын күбөлүгү;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарынан бошотулган жана эмгек китепчеси жок адамдар үчүн - аскердик билет;
- орто жана жогорку кесиптик окуу жайларда күндүзгү формада окуган жаштар үчүн - күндүзгү окуу формасын ырастаган документ;
- бала багуу боюнча өргүүдөгү адамдар үчүн - бала багуу боюнча өргүүдө болгондугун тастыктаган документ;
2) эмгек китепчеси же анын дубликаты;
3) кесиптик квалификациясын ырастоочу документтер.
4. Биринчи жолу жумуш издеген (мурда иштебеген), кесиби (адистиги) жок жарандарды каттоо паспортун жана билими жөнүндө документин көрсөтүү менен жашаган, турган же кайрылган жери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүштөрү тарабынан жүргүзүлөт.
Кайрылган жери боюнча жумуш издөөчү катары жарандарды каттоо ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшүнө өзү барганда жүргүзүлөт.
5. Майыптыгы бар адамдар ушул пунктта көрсөтүлгөн жогоруда аталган документтерге кошумча эмгекке жарамдуулук/эмгекке жарамсыздык жөнүндө сунуштаманы көрсөтүү менен медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын маалымкатын көрсөтөт. "Эмгекке жарамсыз" деп сунушталса каттоо жүргүзүлбөйт.
6. Жумушсуз же жумуш издеген жаран жөнүндө жеке маалыматты алуу үчүн ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшүнүн кызматкери жумушсуз же жумуш издеген жарандын макулдугу менен анын идентификациялык жеке номеринин негизинде эмгек рыногунун маалыматтык системасын пайдаланып, тиешелүү мамлекеттик органдардан жана/же уюмдардан "Түндүк" ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү электрондук системасы аркылуу маалымат сурайт.
7. Ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшүнүн кызматкери эмгек рыногунун маалыматтык системасына жумушсуз же жумуш издеген жарандын жеке маалыматтарын киргизет, анда ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшүнүн сунуштары, анын ичинде ылайыктуу иш берүү, ишке орношууга жиберүү, кесиптик даярдоого жөнөтүү, ылайыктуу жумуш издөөгө байланышкан башка иш-аракеттер жөнүндө, ошондой эле ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшүнүн сунуштары менен жарандын макулдугу (баш тартуусу) жөнүндө тийиштүү жазуулар жазылат.
Ким экендиги ырасталгандан жана эмгек рыногунун маалыматтык системасына маалыматтар киргизилгенден кийин документтер жумушсузга кайтарып берилет.
8. Ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшү жаранды жумуш издөөчү катары каттаган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде мүмкүнчүлүгүнө жараша иштин ылайыктуу эки вариантын, анын ичинде убактылуу мүнөздөгү ишти сунуштоого тийиш.
Биринчи жолу жумуш издеген (мурда иштебеген), кесипке (адистикке) ээ болбогон жаранга - эки жолудан кем эмес кесиптик даярдыктан өтүү сунушталат.
9. Жаранга эки жолу бир эле иш, бир эле кесип (адистик) боюнча бир эле кесиптик даярдыкты сунуштоого болбойт.
10. Жаран аткарууга жөндөмдүү, билими, кесиптик даярдыгы, иш тажрыйбасы, ден соолугу боюнча туура келген, жашаган жеринен анча алыс эмес (жол жүрүү бир сааттан ашпаган) жана эң төмөнкү эмгек акынын расмий түрдө белгиленген деңгээлинен төмөн эмес эмгек акыга кепилдик берүүчү иш ылайыктуу иш деп эсептелет.
Ошол эле учурда:
1) бош жумуш орундары (кызмат орундары) бар экендигин уюм менен тастыктабастан жарандарды ишке орноштуруу максатында бул уюмдарга жиберүүгө;
2) ылайыктуу жумушту сунуштоо же иш менен камсыз кылууга көмөктөшүүнүн атайын программаларына катышууну сунуштоого байланышкан учурларды кошпогондо, жарандарды ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшүнө айына бир жолудан ашык чакырууга жол берилбейт.
11. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 83-беренесинин 1 жана 2-пункттарына ылайык жумуштан бошогон адамдардын категориясы үчүн бошогон күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшүндө катталган шартта ылайыктуу жумуш издөө мезгили 3 айды түзөт.
12. Уюмдарды кайра уюштурууда жана жоюуда кызматкерлердин санын же штатын кыскартуу боюнча бошогон, ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшүндө бошогон күндөн тартып 10 жумушчу күндөн ашык кечигип катталган жарандар жалпы негиздерде катталат.
13. Уюмдарды кайра уюштурууда жана жоюуда кызматкерлердин санын же штатын кыскартуу боюнча бошогон, иштеп жаткан пенсионерлер 10 жумушчу күндүн ичинде бошотуу жөлөкпулун жана компенсацияны алуу үчүн кийин эсептен чыгаруу менен ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшүнө каттоого турууга укуктуу.
14. Ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшүнүн кызматкери жумушсуз жана жумуш издеген жаранга калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүүнүн мамлекеттик чаралары жана ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшү тарабынан берилген кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө толук маалымат берет.
15. Эгер ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшү жумушсузга 10 календардык күндүн ичинде ылайыктуу жумушту таппаса, жарандын жеке кайрылуусу менен аны расмий жумушсуз катары каттайт.
Катталган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшү тарабынан ылайыктуу жумушчу сунуштоо мүмкүн болбогон учурда жарандар расмий жумушсуз деп таанылат.
16. Калкты иш менен камсыздоо кызматында ылайыктуу жумуш табуу максатында төмөнкүлөр каттала албайт:
1) иштеген жарандар, ошондой эле эмгек акы сакталбаган өргүүдө болгондор;
2) пенсия курагындагылар.
17. Ылайыктуу жумуш издөө жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүүнүн активдүү чараларын (кесиптик окутуу, кайра даярдоо, квалификациясын жогорулатуу, акы төлөнүүчү коомдук жумуштар) алуу максатында калкты иш менен камсыздоо кызматында төмөнкүлөр жумуш издөөчү катары катталышы мүмкүн:
1) бала багуу боюнча өргүүдө болгон адамдар;
2) жалпы белгиленген пенсиялык куракка жете элек адамдар (эркектер - 63 жаш, аялдар - 58 жаш) жана иштеген пенсионерлер, кызматкерлердин санын же штатын кыскартуу боюнча, уюмдарды кайра уюштурууда жана жоюуда бошотуу жөлөкпулун жана компенсацияларды алуу үчүн;
3) 0,05 гектардан ашык өлчөмдөгү сугат жерде айыл чарба багытындагы жер участокторун алган жарандар;
4) окуу жайларда күндүзгү формада окуган жаштар;
5) соттун чечими боюнча эркиндигинен ажыратылбастан түзөтүү жумуштарына соттолгон жарандар (пробациянын кардарлары).
18. Төмөнкүлөр расмий жумушсуз деп таанылбайт:
1) 16 жашка толо элек жарандар;
2) Кыргыз Республикасынын пенсиялык мыйзамдарына ылайык курагы боюнча пенсия чектелген жарандар;
3) катталган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде ылайыктуу жумушту сунуштоо үчүн ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшүнө келбеген, ошондой эле аларды жумушсуз катары каттоо үчүн ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшү тарабынан белгиленген мөөнөттө келбеген жарандар;
4) алгачкы жолу жумуш издеген (мурда иштебеген), ошол эле учурда кесиби (адистиги) болбогон жарандар ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшүндө катталган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде ылайыктуу иштин эки вариантынан, анын ичинде убактылуу мүнөздөгү жумуштардан баш тарткан жарандар;
5) кесиптик даярдоодон же сунушталган акы төлөнүүчү коомдук иштен, анын ичинде убактылуу мүнөздөгү жумуштардан эки жолу баш тарткан жарандар;
6) жумушу жана эмгек акысы жоктугу жөнүндө жалган маалыматтарды камтыган документтерди берген жарандар;
7) соттун чечими боюнча эркиндигинен ажыратылбастан (пробациянын кардарлары) түзөтүү жумуштарына, ошондой эле эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазага соттолгон жарандар;
8) иштеген жарандар.
19. Белгиленген тартипте расмий жумушсуз деп таануудан баш тартылган жарандар аларды жумушсуз деп таануу жөнүндө маселени чечүү үчүн баш тартылган күндөн тартып бир календардык ай өткөндөн кийин ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшүнө кайрадан кайрылууга укуктуу.
20. Жумушсуз жарандар өзүнүн ишке орношуусуна активдүү көмөктөшүүгө, каттоонун жана кайра каттоонун тартибин жана шарттарын сактоого, ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшүнө өз алдынча жумуш издөө жана ишке орношуу маселеси боюнча өзүнүн иш-аракеттери жөнүндө, анын ичинде убактылуу мүнөздөгү иштер тууралуу маалымат берүүгө милдеттүү. Расмий жумушсуз жана жумуш издеген жарандар жумуш издөө максатында ай сайын ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшүнө өзү келүүгө тийиш.
3-глава. Каттоо эсебинен алуу шарттары жана мөөнөттөрү
21. Жумушсуз жана жумуш издеген жаранды ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшү "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесине ылайык каттоо эсебинен чыгарат.
"Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 2-1-бөлүгүнүн экинчи абзацында көрсөтүлгөн адамдар кесиптик окуудан, кайра даярдоодон, квалификациясын жогорулатуудан жана акы төлөнүүчү коомдук жумуштардан өткөндөн кийин бул кызмат көрсөтүүлөрдү алгандан кийин 3 ай өткөндөн кийин каттоо эсебинен алынат.
Жашаган жери өзгөргөн учурда жумушсуз же жумуш издеген жаран ал көчүп кеткенге чейин каттоого коюлган ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшү тарабынан эсептен чыгарылууга тийиш.
Ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшүнө жаңы дарек боюнча кайрылганда жумушсуз же жумуш издеген жарандын жумушсуздук боюнча жөлөкпулду алуу укугу сакталат.
22. Эгер социалдык контрактка кол койгон үй бүлөнүн өкүлү жумушсуз же жумуш издеген жаран катары эсепте турса, анда ал социалдык контракт түзүлгөн айдан кийин 3 (үч) ай өткөндөн кийин жумушсуз же жумуш издеген жаран катары эсептен чыгарылат.
Социалдык контрактка кол койгон үй бүлөнүн өкүлүн жумушсуз же жумуш издеген жаран катары кайрадан каттоо социалдык контракттын шарттарын аткаруу аяктаган, ал жеткис күчтүн жагдайларынын пайда болушунун натыйжасында социалдык контракттын шарттарын аткаруу аяктаган же берилген социалдык жардамдын толук суммасын акчалай түрдө төлөп берүү менен социалдык контракттын негизинде социалдык жардамдан ыктыярдуу баш тарткан учурда жүргүзүлөт.
23. Жумушсуз жана жумуш издеген жарандарды каттоо эсебинен чыгаруунун датасы жана себеби жөнүндө маалыматтар эмгек рыногунун маалыматтык системасына киргизилет.
24. Жарандарды жумушсуз же жумуш издөөчү катары ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшүндө кайрадан каттоо "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1 жана 5-пункттарында ошондой эле ушул Жобонун 22-пунктунда көрсөтүлгөн учурлардан тышкары, каттоо эсебинен чыгарылган учурдан тартып 6 ай өткөндөн кийин жүргүзүлөт.
5-глава. Ишке орноштурууну уюштуруунун тартиби жана мөөнөттөрү
25. Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү максатында, иш берүүчү ай сайын ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшүнө бош жумуш орундары жөнүндө маалыматты жиберет.
26. Иш берүүчү бош орундар жөнүндө жазуу жүзүндөгү маалыматты жибергенде ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшүнүн кызматкери маалыматты алган күндөн тартып бир күндүн ичинде эмгек рыногунун маалыматтык системасында бош орунду каттайт.
27. Иш берүүчү жазуу жүзүндө жиберген бош орундарды каттагандан кийин ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшүнүн кызматкери үч жумушчу күндүн ичинде бош орундарга талапкерлерди тандайт.
28. Ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшүнүн кызматкери бош орундарга ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрүндө катталган жумушсуз жана жумуш издеген жарандарды тандайт.
Ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшүнүн кызматкери бош орунга талапкердин кесибин (кызмат ордун), кесиптик даярдыгынын деңгээлин жана квалификациясын, иш тажрыйбасын жана көндүмдөрүн, эмгек акынын деңгээлин, жумуш убактысынын режимин эске алуу менен талапкерлерди тандайт.
29. Ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшүнүн кызматкери бош орун чыккан күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде жумуш издеген адамга жана (же) жумушсузга ылайыктуу жумуштун бар экендиги жөнүндө кабарлайт:
1) ал ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшүнө өзү барганда;
2) маалыматтык-телекоммуникациялык тармактар аркылуу.
30. Талапкерлер сунушталган бош орунга ишке орношууга макул болсо жана жумуштун шарттары ылайык келсе, ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшүнүн кызматкери:
1) бир күндүк мөөнөттө тандап алынган талапкерлердин резюмесин же талапкердин өзүн иш берүүчүгө жиберет;
2) үч күндүк мөөнөттө иш берүүчүнү кызыктырган талапкерлер менен аңгемелешүүнү өткөрүү убактысын жапа ордун иш берүүчү менен макулдашат;
3) бир күндүк мөөнөттө талапкерлерге иш берүүчү менен аңгемелешүү убактысы жана орду жөнүндө маалыматтык-коммуникациялык технологиялар аркылуу кабарлайт.
31. Иш берүүчү талапкерди ишке орношууга жиберген күндөн тартып беш жумушчу күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшүнө анын ишке кабыл алынгандыгы же ишке кабыл алуудан баш тартылгандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө же байланыш каражаттары аркылуу кабарлайт.
Беш жумушчу күндүн ичинде ишке кабыл алуу жөнүндө иш берүүчүнүн билдирүүсүнүн жоктугу сунушталган талапкерди ишке орноштуруудан баш тартуу деп эсептелет.
32. Иш берүүчү талапкердин ишке орношкондугун тастыктаган учурда ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшүнүн кызматкери эмгек рыногунун маалыматтык системасынан тийиштүү бош орунду чыгарат.".
|
| 3-тиркеме |
|
|
|
|
| "7-тиркеме |
Кыргыз Республикасында кесиптик багыт берүү жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо жарандардын ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга багытталган "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин ишке ашыруу максатында иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын аймагында жарандарга кесиптик багыт берүүнүн бирдиктүү тартибин жана шарттарын аныктайт.
2. Кесиптик багыт бул адамдын жеке жөндөмдүүлүгүнө, өзгөчөлүктөрүнө жана коомдун муктаждыктарына ылайыктуу кесипти тандоого жардам берген кесиптик маалымдоо, кесиптик консультация берүү, кесиптик тандоо жана кесиптик көнүктүрүү боюнча чаралардын системасы.
3. Иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жумушсуз жана жумуш издеген жарандарды, ошондой эле билим берүү уюмдарында окуп жаткандарды жана алардын бүтүрүүчүлөрүн кесиптик даярдоонун, кайра даярдоонун жана квалификациясын жогорулатуунун алдында алардын кесиптик багыты боюнча иш жүргүзөт.
4. Кесиптик багыт берүү төмөнкү максаттарда жүзөгө ашырылат:
1) билим берүү уюмдарында окуп жаткандарга жана алардын бүтүрүүчүлөрүнө, жумушсуз жана жумуш издеген жарандарга кесибин, адистигин тандоодо, иштеген же окуган жерин табууга шыктарын жана кызыкчылыктарын эске алуу менен жардам көрсөтүү;
2) кесипти эркин тандоо, иш менен камсыз кылуу формасы жана ички жана тышкы эмгек рыногунун өнүгүшүн эске алуу менен инсандын өзүн-өзү өстүрүү жолдору чөйрөсүндө социалдык кепилдиктерди камсыз кылуу;
3) адамдын кесиптик кызыкчылыктарынын, анын психофизиологиялык өзгөчөлүктөрүнүн, эмгек рыногунун абалынын жана өнүгүүсүнүн ортосундагы тең салмактуулукка жетишүү;
4) эмгек жана билим берүү рыногунда суроо-талап менен сунуштун ортосундагы тең салмакты кармоо боюнча консультация берүү.
5. Кесиптик багыт берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр жашаган, турган, иштеген жана окуган жерине карабастан жарандардын төмөнкү категорияларына көрсөтүлөт:
1) жумушсуздарга;
2) жумуш издеген адамдарга;
3) жалпы билим берүү жана башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында окуп жаткандарга жана алардын бүтүрүүчүлөрүнө;
4) майыптыгы бар адамдарга;
5) жашы жете элек балдары бар адамдарга;
6) аскер кызматынан бошотулган жарандарга;
7) пробациянын кардарларына;
8) чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга.
6. Кесиптик багыт берүү формалары:
1) кесиптик маалымат жана төмөнкүлөр менен таанышуу:
- эмгек рыногу;
- кесиптердин мазмуну жана өнүгүү келечеги, аларды өздөштүрүүнүн формалары жана шарттары;
- өндүрүштүн заманбап түрлөрү;
- квалификацияга болгон талаптар;
- кесиптик-квалификациялык өсүү жана эмгектик иш процессинде өзүн-өзү өркүндөтүү мүмкүнчүлүктөрү;
2) кесиптик консультация - консультация алуу үчүн кайрылган адамдын ар түрдүү эмгек ишмердүүлүгүнө, кесиптик өз ордун табууга жана кесиптик билим алууга болгон жөндөмүн изилдөө аркылуу кесипти жана жумуш ордун тандоодо кызыкдар адамдарга жардам көрсөтүү;
3) кесиптик диагностика адамдын белгилүү бир кесиптин талаптарына ылайык келүү даражасын (кесиптик жарактуулугун) аныктоого багытталган иш-чаралардын жыйындысы;
4) кесиптик тандоо - психологиялык, психофизиологиялык жана медициналык диагностиканын натыйжаларына негизделген кесипти, адистикти, ишти тандоо боюнча сунуштамаларды берүү;
5) кесиптик тандоо ченемдик талаптарга ылайык конкреттүү кесипке, адистикке (ишке, кызматка) адамдын кесиптик жарактуулугунун деңгээлин аныктоо;
6) кесиптик окутуу (кайра окутуу) - кайрылган жарандардын кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө, эмгек рыногунда талап кылынган кесипти/адистикти алууга багытталган сунуштамалар;
7) кесиптик, өндүрүштүк жана социалдык көнүктүрүү - кызматкердин социалдык жана кесиптик сапаттарын калыптандырууга багытталган чаралар.
7. Кесиптик багыт берүү жана окутуу методдору төмөнкүлөрдү камтыйт: өзүн-өзү таануу, кесиптер жана карьера жөнүндө маалымат берүү, билим алуу жолдору, ишканаларга тааныштыруу экскурсиялары, чечим кабыл алуу процесси - ылайыктуу кесипти тандоо.
8. Кесиптик багыт берүү төмөнкүдөй түрлөрдө болот:
1) негизги - лекциялар, тесттер, консультация берүү;
2) кошумча - жолугушуулар, тренингдер, экскурсиялар, кесиптердин жарманкелери;
3) ортомчулук - жалпыга маалымдоо каражаттары, маалыматтык технологиялар, кесиптер боюнча маалыматтык материалдар аркылуу.
2-глава. Кыргыз Республикасында кесиптик багыт берүүнүн катышуучулары
9. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, билим берүү уюмдары, иш берүүчүлөр - юридикалык жана жеке жактар, Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасында кесиптик багыт берүүнүн катышуучулары (мындан ары - кесиптик багыт берүүнүн катышуучулары) болуп саналат.
Кесиптик багыт берүү максаттарына жетүү үчүн кесиптик багыт берүүнүн катышуучулары өз компетенцияларынын чегинде бири-бири менен тыгыз өз ара аракеттенишет. Кесиптик багыт берүүнүн катышуучуларынын иши бул жааттагы мамлекеттик саясаттын максаттарына баш иет жана кесиптик кызыкчылыктарды, муктаждыктарды, мүмкүнчүлүктөрдү жана адамдын ден соолугун, эмгек рыногунун өнүгүүсүн жана керектөөлөрүн эске алуу менен кесиптик багыт берүүнү уюштурууга багытталган.
10. Эмгек рыногунун абалы жана муктаждыктары жөнүндө маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, кесиптик билим берүү менен эмгек рыногунун керектөөлөрүнүн ортосундагы ажырымды кыскартууга багытталган кесиптик билим берүү уюмдары менен иш берүүчүлөрдүн өз ара аракеттенүүсү үчүн шарттарды түзүү, калкты иш менен камсыз кылууну өнүктүрүүгө көмөктөшүү, ошондой эле адам ресурстарын өнүктүрүү мамлекеттик органдардын кесиптик багыт берүү жаатындагы милдеттери болуп саналат.
11. Кесиптик багыт берүүнү өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо, кызыкдар мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кесиптик багыт берүү жаатында макулдашылган иш-аракеттерин камсыз кылуу билим берүү жана калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан жүзөгө ашырылат.
12. Кесиптик багыт берүүнү өнүктүрүү, аны натыйжалуу координациялоо максатында иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте тиешелүү аймактарда кесиптик багыт берүү маселелери боюнча билим берүү жапа иш берүүчүлөр системасын өзүнө камтыган социалдык өнөктөштүк системасын түзөт.
3-глава. Кесиптик багыт берүүнү уюштуруу
13. Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, ошондой эле анын аймактык бөлүнүштөрү ушул Жобонун 5-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга кесиптик багыт берүү боюнча кызмат көрсөтөт.
14. Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, ошондой эле анын аймактык бөлүнүштөрү:
1) иш чөйрөсүн, кесиптик даярдоонун, кайра даярдоонун жана ишке орноштуруунун түрүн тандоо (өзгөртүү) максатында ыйгарым укуктуу органга кайрылган адамдарга маалымдайт жана консультация беришет;
2) адамдын кызыкчылыктарын, керектөөлөрүн жана мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле эмгек рыногун өнүктүрүүнү эске алып, иш менен камсыз кылуунун оптималдуу түрүн тандоого көмөк көрсөтүшөт (кесипке багыт берүүнүн ар кандай методдорун жана инструменттерин колдонуу менен);
3) кесипке багыт берүүчү иш-чараларды - кесиптердин жарманкелерин, ачык эшик күндөрүн, экскурсияларды, жалпы билим берүү мекемелеринде окуп жаткандар үчүн спикерлер менен реалдуу жолугушууларды жана иш берүүчүлөр үчүн тегерек столдорду өткөрүшөт;
4) аймактык бөлүнүштөрүндө кесиптик багыт берүү борборлорун түзүүгө укуктуу.
15. Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүштөрү билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен өз ара аракеттенип, жалпы билим берүү уюмдарында жана кесиптик билим берүү уюмдарында окуп жаткандардын арасында кесиптик багыт берүүнү жүргүзөт.
16. Билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүштөрү жалпы билим берүү уюмдарынын жогорку класстарынын окуучуларын кесиптик багыт берүүнү жүргүзүү үчүн калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга жибере алат.
17.Билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган:
1) башталгыч, негизги жана жалпы орто билим берүү уюмдарында (жалпы билим берүү мектеби), кесиптик билим берүү уюмдарында, ошондой эле өзгөчө билим алуу муктаждыгы бар, деп соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген окуп жаткандардын жана алардын ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) арасында жергиликтүү шарттарды жана окуп жаткандардын кызыкчылыктарын эске алуу менен мамлекеттик стандарттардын жана ченемдердин негизинде саламаттык сактоо уюмдары менен бирдикте кесиптик багыт берүү ишин жүргүзөт;
2) бул ишке педагогикалык жамааттардын, ата-энелер коомчулугунун, тиешелүү уюмдар менен мекемелердин адистеринин катышуусу менен билим берүү программаларынын, окуу куралдарынын жана жалпысынан окуу-тарбиялоо процессинин кесиптик багыттуулугун камсыз кылат;
3) кесипке багыт берүү жана окутуу методдорун колдонуу менен системалуу, квалификациялуу жана комплекстүү кесипке багыт берүү ишин жүргүзөт;
4) региондун кадрларга болгон муктаждыгын эске алуу менен жалпы билим берүү уюмдарында окугандардын кызыкчылыктарына, ден соолугуна жана өзгөчөлүктөрүнө жараша кесип тандоого аң-сезимдүү мамилени калыптандырат;
5) окуудан тышкаркы убакта окуп жаткандарды техникалык жана көркөм чыгармачылыкка тартат, кесип тандоодо анын ролун жогорулатат;
6) окуп жаткандарга кесиптик маалымат жана консультация берүүнү уюштурат, алардын жеке психофизиологиялык өзгөчөлүктөрүн, ден соолугун, ошондой эле региондун кадрларга болгон муктаждыктарын эске алуу менен инсанды комплекстүү изилдөөнүн негизинде аларда кесиптик ниеттерди түзөт;
7) окуп жаткандардын жеке кызыкчылыктарын, жөндөмдүүлүктөрүн жана шыктарын толугураак ачуу үчүн аларды дифференцияланган окутууну уюштурат;
8) кесиптик багыт берүү иштерин уюштуруу жана жүргүзүү үчүн социалдык педагогдордун мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланат.
18. Саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өз компетенциясынын чегинде:
1) үзгүлтүксүз жүргүзүлүүчү профилактикалык кароолордун жүрүшүндө ден соолугунда кемчилиги бар балдарды жана өспүрүмдөрдү (билим берүү уюмдарында окуп жаткандарды), алардын кесиптик жарактуулугун аныктайт;
2) тигил же бул түрдөгү иш жасоого медициналык каршы көрсөтмөлөрдү эске алуу менен ден соолукту чыңдоо иш-чараларын, врачтык-кесиптик консультацияларды жүргүзөт, тиешелүү сунуштамаларды берет;
3) балдардын жана өспүрүмдөрдүн кесиптик даярдыгына жана эмгектик тарбияланышына врачтык контролду жүзөгө ашырат;
4) алдын алуу мүнөзүндөгү, баарынан мурда тобокелчилиги жогору топтордогу адамдарга карата чараларды уюштурууну камсыз кылат, алардын аткарылышын контролдойт.
19. Кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдары ачык эшик күндөрүнүн, жумушчу кесиптердин майрамдарынын мүмкүнчүлүктөрүн, эмгек рыногу талап кылган кесиптерди алуунун мүмкүнчүлүктөрү жана шарттары жөнүндө жаштарга маалымдоого багытталган башка иш-чараларды пайдалануу менен комплекстүү кесиптик багыт берүү ишин жүргүзөт.
20. Жумуш берүүчүлөр төмөнкү кесиптик багытты кызматтарды жапа жумуштарды көрсөтүшөт:
1) кызматкерлерге кесибин, иштеген жерин эркин тандоодо же алмаштырууда, кесиптик кызыкчылыктарын жана өндүрүштүн керектөөлөрүн эске алуу менен кадрлардын квалификациясын жогорулатууда жана кайра даярдоодо көмөк көрсөтөт;
2) калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жана билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга өндүрүшкө окугандар үчүн экскурсия түрүндө кесипке багыт берүүчү иш-чараларды өткөрүүгө көмөк көрсөтөт, кесип дүйнөсү менен тааныштыруу максатында мотивациялык жолугушуулар үчүн спикер катары катышат.
21. Менчигинин түрүнө карабастан башка мекемелер жана жеке жактар өз компетенциясынын чегинде кесиптик багыт берүү иштерин жүргүзүшөт.
4-глава. Кесиптик багыт берүүнү уюштурууну каржылоо
22. Кесиптик багыт берүүнү уюштурууну каржылоо кесиптик багыт берүүнүн тиешелүү субъекттеринин бюджеттеринин алкагында жүзөгө ашырылат.
Кесиптик багыт берүү системасына кирген мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдар Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен каржыланышы мүмкүн.".