Редакцияот 19.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 35-сессиясынын кезектеги отурумунун

 

2024-жылдын 12-январы №1

 

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө 

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Эрмаматов Ислам Жолдошбаевичтин жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Сейданов Осмон Ырыскуловичтин Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата жергиликтүү бюджетинин долбоорун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 35-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.    Чон-Алай айыл өкмөтүнүн 2023-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгү 56 984 600 сом болуп бекитилип, ал эми чыгаша бөлүгү төмөнкүдөй бөлүнүп жумшалсын.

-        аппаратка 23 297 900 сом

-        апараттын атайын каражатына 75 000 сом

-        айылдык кеңешке 1 008 100 сом

-        мектептерге 6 930 000 сом

-        бала бакчаларга 7 625 000 сом

-        бала бакчалардын атайын каражатына 3 375 000 сом

-        китепканаларга 2 121 200 сом

-        маданий иш чараларга 1 045 000 сом

-        клубтарга 2 257 100 сом

-        өзгөчө кырдаалдарга 790 000 сом

-        ЖКХ 5 724 800 сом

-        социалдык жардамдарга400 000 сом

-        жайытка 2 335 500сом бөлүнүп жумшалсын.

 

2.    Корголгон беренелер (эмгек акы, социалдык фондуна чегерүүлөр, дары-дармек жана тамак-аш азыктарын сатып алуу, көмүр отун жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр) чыгашаларды каржылоо биринчи кезектеги тартипте жүргүзүлсүн.

3.    Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн аппаратына 30 штаттык бирдик каралсын анын ичинен техникалык жана кенже тейлөөчү кызматкер 3 штат.

-Чоң-Алай айылдык кенешине жооптуу катчы 1 штат каралсын.

- Клубтарга 8 штаттык бирдик каралсын анын ичинен техникалык жана кенже тейлөөчү 4 штат.

- Китепканаларга 4 штаттык бирдик каралсын.

4.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өнөр-жай курулуш, транспорт, соода байланыш, инвестиция, энергетика маселелери жана социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилип, аткаруу жагы Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Эрмаматов Ислам Жолдошбаевичке жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Сейданов Осмон Ырыскуловичке жүктөлсүн.

 

5.    Ушул токтом расмий жарыяланууга жатат жана 2024-жылдын 12-январынан тартып күчүнө кирет.

 

Чоң-Алай айылдык кеңешинин

төрагасы:

С.Мойдунов