Редакцияот 27.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-МУЗ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Муз айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылыштын XХVII сессиясы

2023-жылдын 27-апрели № 27/9

Ак-Муз айыл өкмөтүнүн бюджетинен социалдык тармакка бөлүнгөн акча каражатынан социалдык жактан жардамга муктаж, турмуш шарты начар айыл тургунуна акча каражат бөлүү жөнүндө

Ак-Муз айылдык кеңештин төрагасы Адистен уулу Казыбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Ак-Муз айыл өкмөтүнүн бюджетинен социалдык тармакка бөлүнгөн 437,0 (төрт жүз отуз жети миң) сом акча каражатын ичинен Ак-Муз айылынын социалдык жактан жардамга муктаж үй-бүлөөлөргө Акчекирова Светага небересин дарылатуу үчүн 25,0 (жыйырма беш миң) сом, Өмүрбекова Гүлмирага жардам ирээтинде 5,0 (беш миң) сом, акча каражаттары бөлүнүп берилсин;

2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, ak-muz-aimak.kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн;

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгөө алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурланбекке тапшырылсын.

 

Төрага:

Адистен уулу К