ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 35-сессиясынын кезектеги отурумунун
2024-жылдын 12-январы №3
Дароот-Коргон айылынын Кара-Кыя участкасындагы №1271 контурунда жайгашкан таштуу жайыт болуп белгиленген 0,30 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Эрмаматов Ислам Жолдошбаевичтин Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дароо-Коргон айылынын Кара-Кыя участкасындагы №1271 контурунда жайгашкан таштуу жайыт болуп белгиленген 0,30 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 35-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Дароот-Коргон айылынын Кара-Кыя участкасындагы №1271 контурунда жайгашкан таштуу жайыт болуп белгиленген 0,30 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: | С.Мойдунов |