Редакцияот 27.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-МУЗ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Муз айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылыштын XХVII сессиясы

2023-жылдын 27-апрели № 27/10

Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Honda CR-V авто унаасы жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 85 Жарлыгына, Административдик – аймак реформаны ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023 – жылдын 30 – мартындагы № 177 Токтомуна ылайык Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтү Ак-Моюн айыл өкмөтүнө биригип жаткандыгына байланыштуу Ак-Муз айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кызматтык Honda CR-V авто унаасы Ак-Муз айылынын айыл башчысына калтырылсын;

2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, ak-muz-aimak.kg веб - сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн;

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгөө алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурланбекке тапшырылсын.

 

Төрага:

Адистен уулу К