Редакцияот 19.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 35-сессиясынын кезектеги отурумунун

 

2024-жылдын 12-январы №4 

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эрмаматовдун 2023-жылдын 6-октябрындагы № 2220 чыгыш сандуу сунушун кароо жөнүндө 

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Эрмаматов Ислам Жолдошбаевичтин 2023-жылдын 6-октябрындагы № 2220 чыгыш сандуу Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Туз участкасындагы № 2701 контурунда жайгашкан короо (зимовка) болуп белгиленген, эски кашардын ордун 0,10 га жер аянтын айыл өкмөтүн балансасына кабыл алып аукцион аркылуу короо сарай салууга макулдук берүү жөнүндө сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 35-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.            Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Туз участкасындагы № 2701 контурунда жайгашкан короо (зимовка) болуп белгиленген 0,10 га жер аянтын айыл өкмөтүн балансасына кабыл алынсын жана аукцион аркылуу короо сарай салууга макулдук берилсин. 

2.            Жогорудагы маселе боюнча жер мыйзамдарына ылайык иш алып баруу жана тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эрмаматовго жана жер маселелери боюнча жер адисерине милдеттендирилсин. 

Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Чоң-Алай айылдык кеңешинин

төрагасы:

С.Мойдунов